Баткен облусундагы Чон-Талаа айылынын мектеп окуучулары өзгөчө кырдаалда турган мектеби тууралуу айтып беришти. Чон-Талаа айылы, 1972-жылы негизделген азыркы күндө 1800дөн ашык адам жашайт. аймакта жайгашкан бир гана мектеп, 1982-жылы курулган.
Нөшөрлөп жааган жамгыр учурунда мектептин чатырынан суу өтөт. Терезелер мурунку кылымдан бери алмашкан эмес, класстарда баардык окуучуларды батыруу мүмкүн эмес. Мектеп, төрт өзүнчө имараттан турат. Ушундан улам, кышында тазалыкты сактоо мүмкүн эмес, анткени ар бир класстан чыгуучу жол көчөгө алып чыгат. Мектепте ашкана, лаборатория жок. Мындан тышкары, мектеп билим берүү мекемелеринин талаптарына жооп бербейт,
Дагы айта кетчү нерсе, мектепке жакын жерде чоң арык агып өтөт, ал жыл сайын имаратка жакындап келет.
Сүрөт: скриншот из Ютуба