Ысык-Көлдөгү жол кырсыктан 44 жаштагы киши каза болгонун ИИМдин жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирет.
Ага ылайык, жол кырсыгы 20-январда Балыкчы — Ананьево — Каракол жолунун 27-чакырымында Чырпыкты менен Тору-Айгыр айылдарынын ортосунда саат 20:15те болгон.
“Алдын-ала маалымат боюнча Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай, ала салып кеткен. Айдоочу кырсык болгон жерде каза болгон”, — деп милициядан маалымдашты.
Ал эми Мамлекеттик экологиялык техникалык инспекциясынын маалымат кызматы: каза болгон жаран мекеменин Каракол шаары жана Түп, Ак-Суу, Жети-Өгүз району боюнча аймактар аралык башкармалыгынын жетекчиси Мирлан Абдрахманов экенин тастыктады.
Сүрөт: kabar.kg