Жогорку Кеңештин айрым депутаттары Автотранспорт каражаттарынын ээсинин жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандырууну (ОСАГО) 2021-жылдын 7-февралына чейин жылдыруу” боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга коюшту.
Маалым болгондой, мыйзам “Автотранспорт каражаттарынын ээсинин жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу” тууралуу мыйзам ушул жылдын 7-февралында күчүнө кириш керек болчу.
Ага ылайык, ОСАГО полиси жок кармалган айдоочуларга 3000 миң сом өлчөмүндө, ал эми юридикалык жактарга 13 миң сомдон айып пул салынмак.
“Кыргызстанда пайдаланылган бардык унаа ээлерин милдеттүү камсыздандыруу коомдо активдүү талкууланып жатат. Калк кошумча чыгымдарга даяр эместиги, ошондой эле камсыздандыруу компенсация төлөмдөрү боюнча камсыздандыруу компанияларына ишеним жок экени байкалат”, — деп жазылат сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда.
Буга чейин Госфиннадзор, жазага тартуу сунуш киргизген 7-августтан тарта айдочуулар кезексиз, шашпай камсыздандыруу алууну сунуштаган.
Сүрөт: vistanews.ru