Жалал-Абад облусунун тургундары алты айдан ашык убакыттан бери, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк ала албай келишет. Бул тууралуу 24.kg агенттигине окурман билдирген.
«Биз августь айынан бери күтүп жатабыз. Биз баланын фамилиясынын бир тамгасын өзгөртүүнү суранганбыз, атасынын фамилиясы Худайбердиев, уулубузга Кудайбердиев деп өзгөртө албай келебиз. Биздин төрт балабыз бар, биринчи үчөөнүн күбөлүгүн алаарда бир тамганы өзгөртүү, эч кандай көйгөй жараткан эмес», дейт энеси.
Окурмандын айтымында жергиликтүү айыл өкмөтү, (Ынтымак Ноокен р-ну), аларга азыр баары онлайн түрүндө катталат, бир тамганы өзгөртүү үчүн бардык документтерди Бишкекке жиберүү жөнөтүү зарыл.
«Айыл өкмөтүнүн маалыматы боюнча, документтерди жөнөтүшкөн, бирок жооп келе элек. Мен жаш балам менен борборго бара албайм. Эмнеге баары электрондук режимде иштесе, бул маселени жарым жылдан бери чече алышпайт?» -деп нааразы болууда.
Сүрөт: Sputnik Кыргызстан