Бүгүн, Кыргыз Республикасынын экономика министри Олег Панкратов жана РФ Экономикалык өнүктүрүү министринин орун басары, Сергей Горьков экөөнүн ортосунда видео байланыш рамкасында чогулуш болуп өттү. Бул тууралуу, Минэкономдун ички басма сөз кызматы билдирди.
Ошондой эле, жолугушууда соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын, региондор аралык сегизинчи кыргыз-орус жыйынынын 21-отурумунда, министрликтердин жана мекемелердин өкүлдөрү катышты.
Күн тартибинде, түштүктө соода-сатык жана логистикалык борборду түзүү тууралуу талкуу болгон. Бул борборду түзүү Өзбекстан менен биргеликте өткөрүлө турганын билдирген.
Жолугушууда министрлеринин ортосунда толук келишим түзүлдү. Тараптар кыргыз-россиялык региондор аралык МПК боюнча 21-жыйынынында, кыргыз-россия сегизинчи, улуттар аралык конференцияда чечүүгө макулдашышты.
Фото: for.kg