Талас облустук балдар бакчасынын тарбиячысынын диплому жасалма болуп чыкты, бул тууралуу бала бакчанын директору кабарлаган. Анын айтымында, 2016-жылы декабрда, тарбиячы кызматына айылдык кеңештин депутатынын жубайын кабыл алышкан.
Дипломдун ордуна тарбиячы, ИСИТОдо экинчи курста окуйт, адистиги боюнча «башталгыч мектеп мугалими» деген справка алып келген. Бирок, кайра бир нече айдан кийин дипломдун өзүн алып келген, жогорку билим берүү институтун аяктады деп күнү белгиленген.
«Дипломдо көрсөтүлгөндөй, Кыргыз Мамлекеттик, И.Арабаев атындагы универститетти бүттү деген. Мен, эгерде дипломуң бар болсо эмнеге справка алып келдиң деп сурасам, ал дипломду эми алдым деп жооп берген»— деп маалымдады бала бакчанын директору.
Универститетке суроо жөнөтсөк, реестерде мындай номер жок деген жооп келди.
«Мага университетте мындай студент болгон эмес экенин билдирди жана, мындай номердеги диплом дагы берилген эмес. Бул тастыктаманы райондук билим берүү бөлүмүнө жибердик. Каржы милициясы диплом жасалма экенин тастыктаган» – деди директор.
16-январь, 2019-жылы депутаттын аялы «Өз ыктыяры менен» кызматтан кетүүгө арыз жазган. Тарбиячыга айыппул салынган жана азыр ал соттун чечимин күтүп жатат.
Сүрөт: turmush.kg