Бүгүн, парламенттин имаратынын жанына көз микрохирургия бөлүмүнүн дарыгерлери №1 Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын өкүлдөрү митингге чыгышты. Митингдин себеби, көз микрохирургия бөлүмүнүн башчысы, Салтанат Иманбаевага карата кылмыш ишин козгоо жөнүндө кызматкерлердин талабы болду.
Бөлүмдүн кызматкерлеринин даттануусунун себеби, Иманбаева өзүнүн милдеттерине кайдыгер гана карабай, оорукананы жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланууда, мисалга алсак, ооруп жаткан же өргүүдө болгон деген бурмалоо кагаздарын, документтерди жасап, иштебеген адамдардын бөлүмдө иштейт деген документ менен акчасын алууда жана өз максаттары үчүн оорукана жабдууларын пайдалануу менен алектенет деп даттанышат.
Ошондой эле, митингге чыккандар ММКга берген маалыматында алар Иманбаевага каршы бул митинг биринчи жолу эмес, бирок ал тергөөдөн дайыма суудан кургак чыгып келген. Ал түздөн түздүн-түз эле кол алдында иштегендерге же мага баш иесиң же жумуштан кетесиң деп коркутуп келген.
Сүрөт: vesti.kg