No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
Понедельник, 27.07.2026
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
No Result
View All Result
Home Без рубрики

Грузияда Саакашвилини сыртынан соттогон өкүм күчүндө калды

Тбилисинин апелляциялык соту Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвилини «2005-жылы экс-депутат жана ишкер Валерий Гелашвилини сабоого буйрук берген» деп таап, сыртынан алты жылга кескен биринчи баскычтагы соттун өкүмүн күчүндө калтырды.

Прокурор Арчил Ткешелашвили билдиргендей, 22-ноябрдагы сот отурумунда судья мамлекеттик айыптоочунун Саакашвилинин жазасын күчөтүү боюнча өтүнүчтү канааттандырган жок, бирок мурдагы өкүмдү күчүндө калтырды. Ал эми экс-президенттин адвокаты бул иште Саакашвилинин күнөөсү жок экенин билдирүүдө.

Оппозициялык депутат Валерий Гелашвилини 2005-жылы Грузиянын борборунда сабап кетишкен. Тергөөнүн маалыматына караганда, кол салууну ошол учурдагы жогорку кызмат адамдары уюштурган. Ушул ишке байланыштуу Грузиянын мурдагы өкмөт башчысы жана ички иштер министри Вано Мерабишвили да соттолгон.

2003-жылы Грузиядагы «роза ыңкылабында» атагы чыккан Саакашвили өлкөнү 2013-жылга чейин башкарган. 2012-жылдагы парламенттик шайлоодо анын партиясы белгилүү грузин ишкери Бидзина Иванишвилинин «Грузин кыялы» партиясына утулуп калган. Ошентип ал Грузиядан президенттик ыйгарым укуктары аякташына аз күн калганда чыгып кеткен.

Украинанын президенти Петро Порошенко Саакашвилиге 2015-жылдын 30-майында жарандык берип, Одесса облусунун губернатору кылып дайындаган. Бирок кийин Саакашвили украин президенти Петро Порошенко менен пикири келишпей, кызматынан баш тарткан.

Михаил Саакашвили быйыл февралда Киевдеги ресторандан кармалып, учакка күчтөп салынып, Польшага депортацияланган. Андан ары Голландияга барып, ошол жакта туруктуу жашоого уруксат алган.

Саакашвили Грузияда башка да иштер боюнча сыртынан соттолгон.

Азаттык

Tags: ГрузияСаакашвилисот

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Лента новостей

Кыргызстан

В Кыргызстане установят около 20 тыс камер видеонаблюдения

25.07.2026
Безопасность

В Бишкеке предотвратили попытку организации незаконного митинга

25.07.2026
Кыргызстан

Кулубаев и Ван И обсудили подготовку визита Си Цзиньпина в Кыргызстан

25.07.2026
Кыргызстан

Спрос на соки из Кыргызстана за рубежом увеличился впятеро

25.07.2026
Кыргызстан

Ледники Кыргызстана за 70 лет сократились на 16%

25.07.2026
Кыргызстан

В Бишкеке установлен температурный рекорд за последние сто лет

25.07.2026
Аналитика

Кыргызстан и Узбекистан создают новые экономические маршруты Центральной Азии

24.07.2026
Кыргызстан

Из Кыргызстана с начала года выдворили более 450 иностранцев

24.07.2026
Безопасность

Главком ВСУ Драпатый резко высказался о жителях Донбасса

24.07.2026
Безопасность

В Кыргызстане зафиксировали рекордное число селей с начала года

24.07.2026
Безопасность

Жапаров призвал укрепить ШОС перед лицом новых угроз

24.07.2026
Load More
  • Главная
  • Новости
  • Аналитика
  • В мире
No Result
View All Result
  • Кыргызстан
    • Общество
    • Политика
    • Безопасность
    • Экономика
    • Коррупция
    • Культура
    • Политика
    • Украина
  • В мире