No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
Суббота, 18.04.2026
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
No Result
View All Result
Home Без рубрики

2026-жылы Кумтөрдө алтын түгөнөт

08.11.2018

«Кумтөр» алтын кени 2026-жылы жабылат. Бул тууралуу 6-ноябрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт жыйынында билдирди. 

Кумтөр кенинде алтын өндүрүүнүн көлөмү азайып баратат. Үстүбүздөгү жылы алтын өндүрүүнүн көлөмү 2,9 эсеге түштү. Мындай тенденция алдыдагы жылдарда дагы күтүлөт. Экономика министри Олег Панкратов андыктан экономикалык көрсөткүчтөрдү кармоонун аракетин көрүүгө чакырды.

—Кумтөрдө казылган алтындын көлөмү 24,3 пайызга түштү. Себеби ушул убакытка белгиленген жерде алдындын запасы аз болуп чыкты. Ошонун натыйжасында, алтын өндүрүүнүн көлөмү 2,9 эсеге түштү. Бул боюнча биз буга чейин дагы айтканбыз. Азыр дагы белгилеп өткүм келет. Демек биз экономиканы көтөрүүнүн башка жолдорун карап чыгышыбыз керек. Жаңы өндүрүштөрдү ачуубуз зарыл.

2026-жылы «Кумтөр» кени жабылат. Бирок бул Кыргызстандын экономикасына терс таасир этпейт. Эч кандай коркунучтарды дагы жаратпай турганын  өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев  айтууда. Анткени алдыда ошол убакка өлкөдө ал сыяктуу аналогдук ишканалар ачылып каларын айтып ишендирди.

—Барган сайын Кумтөр кеңинде алтыныбыз азайып бара жатат. Ошол үчүн биз башка жактар менен ишканаларды ачышыбыз керек. Кумтөрдө экспорттун көлөмү абдан чоң, алтындын баары тыш жакка сатылат.  Демек биз башка товарларды өндүрүүдө экспорттук потенциалды да эске алышыбыз керек. Кумтөр кени 2026- жылга чейин барат. Андан ары Кумтөр кеңи ишин токтоторун адистерибиз айтып жатат. Ошентсе дагы биз ишканаларды ачсак, анын жабылып калганына экономикабызга эч кандай коркунуч келбейт деген ойдомун.

Бирок эксперттер алтындын запасы Кумтөргө тең келе турган башка кендер жок экенин айтууда. Мындан улам өкмөт казынаны толтуруунун башка булактарын караштырганы туура. Себеби бүгүнкү күнү Кумтөрдүн бюджеттеги үлүшү чоң.

Экономист Искендер Шаршеев кендендердин ордуна чакан жана орто ишкендикти өнүктүрүүгө көңүл бурганын туура көрөт.

— Менин баамымда Кумтөргө караганда башка кендерде киреше азыраак. Ал жаткан эффективдүү казып алууларды жасаганга жөндөмү аз. Ошондуктан Кыргызстан бүгүнкү күнү алтынга ишенбей, чакан жана орто бизнести өнүктүрүүчү жана эл аралык инвесторду кызыктыруучу шарттарды караш керек. Бул жаатта коңшу Өзбекстандан сабак алышыбыз зарыл.   

Ал арада Кумтөр кени эки жылдан бери дивидент төлөбөй келгени коомчулукта чоң талкууну жаратууда.

“Центерра Голд Инк” компаниясы  болсо дивиденттерди «Кумтөр» боюнча келишим аткарылгандан кийин төлөп баштай турганын айтууда.  Жыл аягына чейин сүйлөшүүлөр аяктаса, компания дивидент төлөөнү улантат.

Ошондой эле ал дивиденттик саясат Канаданын мыйзамы менен ишке ашарын, учурда бир да акционер төлөм ала электигин кошумчалайт.

Кумтөрдүн айланасындагы экинчи жагдай “Центерра Голд Инк” компаниясы кыргыз өкмөтү менен Айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча стратегиялык келишимдин шарттарын аткаруу мөөнөтүнүн уламдан-улам жылышында турат. Мында парламенттин жоопкерчилиги тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев  «Марал» радиосуна берген маегинде айткан.

—Келишим үч жолу  ратификациядан өткөн. Ошол ратификация кылган депутаттардын 99% кайра шайланган эмес. Алардын жоопкерчилиги экинчи жолу депутат болбойт деп каралган. Мен ойлогом, эгерде 2010-жылы убактылуу өкмөт келгенде Кумтөрдү улутташтырып койсо, убактылуу өкмөт өзүнүн мойнуна алмак. Себеби Кумтөргө окшогон миллиарддаган доллардын тагдырына жөндөн жөн байлар калтырбайт эле.

Былтыр «Центерра Голд» компаниясындагы Кыргызстандын үлүшү азайган. Буга канадалык компаниянын Түндүк Америкадагы жаңы кенди сатып алганы себеп болгон. Жаңы операциядан кийин Кыргызстандын «Центеррадагы» үлүшү 32 пайыздан 26,6 пайызга чейин азайды.

Эскерте кетсек, Кумтөрдө 396 тонна алтын бар деп эсептелген.

Булак Марал радиосу

Tags: алтынкенөкмөт

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Лента новостей

Аналитика

Административная реформа в Кыргызстане. Страна готовится к новой модели управления

17.04.2026
Кыргызстан

Комплекс имени Айтматова за 150 млн сомов возводят в Шекере

17.04.2026
Кыргызстан

Учения «Безопасность-2026». В Караколе введут комендантский час

17.04.2026
Безопасность

Смертельный наезд в Чуйской области. Пятилетняя девочка погибла

17.04.2026
Безопасность

На борту рейса Бишкек–Ош произошел инцидент с кислородом

17.04.2026
Безопасность

В Раде признали неготовность Украины к вступлению в ЕС

17.04.2026
Кыргызстан

Нацбанк КР увеличил продажи валюты сверх уровня прошлого года

17.04.2026
Безопасность

Трамп надеется на скорое завершение конфликта на Украине

17.04.2026
Кыргызстан

В Бишкеке перекроют участок улицы Фрунзе

17.04.2026
Новости

Лула заявил о последствиях политики Трампа для мира

17.04.2026
Безопасность

Иран требует привлечь США и Израиль к ответственности

17.04.2026
Load More
  • Главная
  • Новости
  • Аналитика
  • В мире
No Result
View All Result
  • Кыргызстан
    • Общество
    • Политика
    • Безопасность
    • Экономика
    • Коррупция
    • Культура
    • Политика
    • Украина
  • В мире