No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
Шейшемби, 20.05.2025
  • Setup menu at Appearance » Menus and assign menu to Main Navigation
  • Setup menu at Appearance » Menus and assign menu to Main Navigation
No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
No Result
View All Result
Башкы бет Новости

2050-жылга адамзаттын алдында турган көйгөйлөр

28.10.2018
Аналитика

Адамзатка коркунуч жаратып, ойлонтууга мажбур кылган айрым маселелерге азыр эле кабылып жатабыз. Айталы, калктын саны, ядердик энергияны колдонуунун кесепети, байлар менен жакырлар ортосундагы ажырым…

Бирок акырындык менен өсүп олтуруп ушул жүз жылдыктын ортосунда алдыбызга бөгөт болуп кала турган башка көйгөлөр да бар.

Отуз жылдан кийин дүйнө эмне болот? Так айтууга мүмкүн эмес, бирок илим менен техниканын өнүгүшү бул суроолорго жооп издөөгө мүмкүндүк берет.

Эртеңки күндүн потенциалдуу делген көйгөйлөрүнүн айрымдары.

Грецияда Вермахттын Түркистан легионунун қатышуусуна реаблитация мүмкүндүгүнө наразы болду

19.12.2019

Серепчи: Евразиянын АКШны чөгөлөтүү үчүн аракеттери үзгүлтүккө учурайт

27.06.2019

АКШ менен Кытайдын соода тирешүүсү глобалдык рецессияга алып келет

13.05.2019

Кыргызстандын ишенимдүү маалыматты пайдалануу үчүн АКШ мамлекеттик департаментинен сурады

27.03.2019

Адамдын генинин модификациясы

Адамдын ДНКсын өзгөртүүгө мүмкүндүк берген жаңы технологиянын тегерегиндеги талаш-талкуулар барган сайын күчөп баратат. Ага «каршылар» менен аны «колдогондорду» талашы кызыды.

Технологияны Crispr деп аташып (“айкыныраак” ), теориялык жаткан алганда ал ДНКны өзгөртүүгө мүмкүндүк берип, маселен, рак сыяктуу илдеттер болбой калат деп айтылган.

Абдан жакшы көрүнүш, чынбы? Эми этикалык көз караш менен бул ачылыштын караңгы жагына үңүлүп көрөлү. Бул технологияны колдонуу «дизайнердик чүрпөлөрдүн» артынан түшүүгө алып келип, бай ата-энелер өзүнүн ишке ашпаган амбицияларынын өтөөсүнөн чыгууга каалоосу күчөп кетпейби?

Азырынча бул технология кеңири колдонула элек. Ошондуктан муну адамзаттын алдында турган көйгөй деп айтууга али эрте болушу деле мүмкүн. Бирок биз азыр көтөрүп жаткан суроолор 2050-жылга барып актуалдуу болуп калышына даяр болушубуз керек.

Адамдын ДНКсы өзгөртүү боюнча эксперименттерге биз этика боюнча адистердин катышуусун камсыздай алабызбы?

“Качан технология ушундай ылдамдык менен жаңы-жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп жатканда, мунун этикалык жагын ойлонууга убакыт табуу да кыйын болуп калат»,-деп белгилейт Веллингтондогу (Жаңы Зеландия) Виктория университетинин профессору этика боюнча Николас Агар.

“Бул абдан тез бүтчү иш эмес, бирок биз адамга адам эмне кылып жатканын жана эмнеге тийишпей эле коюшу керектигин чечүүгө туура келет».

Улгайгандар саны көбөйүүдө

Биздин планетанын калкы жөн эле өсүп жаткан жок. Биздин жашообуздун узактыгы да көбөйдү. Бул өзүнчө эле сонун нерсе. Бирок улгайган кишилерге коомчулук тарабынан атайын камкордук, көптөгөн жардамдар талап кылынууда.

2100-жылга карата жүзгө жашка чейин жашагандардын саны 50 эсеге чукул көбөйөт. Бүгүнкү 500 миңден 26 млн ашуунга чейин. Дүйнөдө калкынын көбүн жашы 65тен өйдө курактагылар түзгөн өлкөлөрдүн саны артат.

Алдыдагы жакынкы он жылдыкта улгайган кишилерди кантип карайбыз, камкордукка алабыз (Японияда бул үчүн атайын роботторду колдонуу пландалып жатат) деген суроону чечүү түйшүгү турат.

Жок болуп кете турган шаарлар

Дүйнөлүк мухиттердин (океан) деңгээлинин көтөрүлүшү айрым шаарлар акырындык менен жок болуп кетүүсүнө алып келет. Азыр Майамиде эмне болуп жатканына назар салуу эле жетиштүү болсо керек.

Климат өзгөрүп жатат жана бул жерде кеп Техастагы суу ташкындоолор тууралуу эле жүрүп жаткан жери жок. Аба-ырайындагы өзгөрүүлөр шаарлардын дизайнын өзгөртүүгө да алып келиши мүмкүн. Атайын дамбаларды айтпаганда деле, биринчи кабаты бийик болгон имараттарды курууга туура келет.

Бирок мунун баары убактылуу чаралар. Эгерде климаттагы азыркы тенденция сакталып турса, анда бизге деңиз деңгээлинен төмөн жайгашкан бүтүндөй аралдарды, шаарлардын жана чөлкөмдөрдүн бөлүгүн жоготууга туура келет. Мунун экономикалык эффектиси абдан олуттуу болот. Андан кийин «климаттык» качкындар кеңири жайылган көрүнүш болуп калат.

Эгерде климаттын өзгөрүшү массалык миграцияга алып келсе, ал агымга кабылган чоң шаарлардын инфраструктурасы жана ал өлкөнүн экономикасы оор көйгөйлөргө туштугат.

Социалдык тармактардын эволюциясы

Акыркы он жылдыкта интернет, социалдык тармактар биздин баарлашуубузду жакшыртты. Экинчи жагынан, муну менен бирге адамзатка белгисиз болгон көйгөлөр дагы кошо келди.

Азыр көпчүлүк кишилер маалыматты социалдык тармактардан, “Фейсбук”, “Инстаграм”, “Твиттерден” (же 2050-жылга дагы бирдемелери чыгышы мүмкүн да) аларын эске алганда, булар биздин жашообуздун бир бөлүгү сыяктуу болуп калды.

30 жылдан кийин социалдык тармактардан кандай мүнөздө болуп калат? Алар биздин жашообузга кандай жаңы коркунучтарды алып келет?

Алардын бири – жеке жашоо укугу болбой калат. Бул көйгөй азыр эле жаралып жатат. Биздеги купуялуулукту алып алуу менен социалдык тармактар бизге кибербуллинг (интернет-уулануу) сыяктуу жаңы көйгөйлөрдү берүүдө.

Интернет-троллдор менен күрөшүү үчүн көптөгөн коомдук жана кайрымдуулук уюмдар уюшулду. Бирок укук коргоо органдары жана социалдык тармактардын ээлери бул ууландырган феноменди жок кыла алабы же мындан да жаман болуп кетеби? Бул чоң суроо.

Фейк жаңылыктардын мурдагыдай кала бергени, бул кишилердин көз карашына таасир этип, дүйнө таанымын кандай өзгөртөт? Эгер он жыл ичинде айлап-жылдап адамзат такталбаган, жалган жаңылыктарга сугарыла берсе, анын цивилизациялуу дискуссия куруу жөндөмү, анын цивилизациялуу коомго мүчө болушу күмөн жаратат.

Оптимисттер соцтармактар биздин жашообузга өтө бат аралашып кетти, бардык маселе жакында чечилет деп эсептешет. Балким ошондойдур, бирок анткен менен “Фейсбукка” 13 жыл болбодубу. Эми алдыдагы отуз жылда кандай интернет көйгөй менен кагылышарыбызды элестетип да болбойт.

Жаңы геосаясый абал

Ѳткөн жылы биздин көз алдыбызда ондогон жылдар сарпталып жетишилеген геосаясый баланс урап баратканын көрдүк.

Дүйнөдө саясый стабилдүүлү жакынкы 30 жылда чоң суроо болуп калды. Дипломатиянын ролу, жөн эле бири-бири менен сүйлөшө билүү башаламан болуп, ал өөрчүп жатат.

ТРАНСПОРТ коопсуздугу

Абдан бат жүрүп жаткан урбанизацияга карабастан, ылдам поезддер, Hyperloop (Илон Маск тарабынан иштелип жаткан ваакумдук поезд долбоору) фантастикалык технологияга карабастан авто унаалар эч кайда жок болбойт. Жакынкы 20-30 жылда алар баары бир жолдордо абдан көп санда болот.

Азыр эми айдоочусу жок унааларды чыгаруу абдан популярдуу болуп жатат. Бирок эми адамдын катышуусу барбы, жокпу иликтөөлөр боюнча дүйнөдө унаалар саны күчөгөн темп менен көбөйө берет.

Кытай сыяктуу өлкөлөрдө орто катмардагы калктын саны өсөт. Бул айлана-чөйрө жана инфраструктура жагынан алганда чоң көйгөй алып келет.

Демек биздин алдыбызда жол коопсузудугун кантип сактайбыз, айлана-чөйрөгө тийген зыяндуу булганычтардан кантип арылабыз деген көйгөй турат.

Кургап бараткан жаратылыш ресурстары

21-кылымдагы технология жана гаджеттер жер алдынан чыккан сейрек компоненттерден турат. Айталы, орточо смартфон 60 ашуун “ингредиенттерден” куралат. Табийгый ресурстар өтө тездик менен азайып баратат.

Маселен, 90 пайыз чейрек кездешүүчү металдар казылып алынган Кытайда 20 жылдан кийин запастар түгөнөт деп эсептелүүдө. Муну алмашыра турган нерсенин өзүн табуу кыйын.

Башка планеталарды колонизация кылуу

Космикалык туризмди сунуштап жаткан компаниялар өздөрүнүн кардарларынын коопсуздугун сактай алышабы?

Биз Стивен Хокинг чакырып жаткандай Марс же ушул сыяктуу башка планеталарды колонизациялоого жол таба алабызбы?

Азырынча космоско учууларды мамлекеттик аэрокосмикалык агенттиктер жана миллиардерлер гана ишке ашыра алышат. Эгер анын колдонулушу дагы ачык болуп калса, жаңы көйгөлөр жаралат. Алар космикалык логистика, космикалык коопсуздук жана космикалык дипломатия.

 

BBC

Белгилер: геосаясыйдуйнокойгойпланетаэкология
Мурунку пост

Орусияда эки кыргызстандык терроризмге байланыштуу соттолгону айтылууда

Кийинки пост

Бишкекте түнкү клубдагы мушташтан бир адам каза болду

Кийинки пост

Бишкекте түнкү клубдагы мушташтан бир адам каза болду

Subscribe
Notify of
guest
guest
0 Comments
Inline Feedbacks
View all comments

Жаңылыктар лентасы

Жаңылыктар

ПРООН чек арачыларга компьютер жабдууларын тапшырды

31.01.2020
Жаңылыктар

Россиянын премьер-министри: биздин өлкө союздаштарга өзүнүн технологиясын берүүгө даяр

31.01.2020
Жаңылыктар

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкүлдөрү биримдиктин ишмердүүлүгүн жана келечегин талкуулашты

31.01.2020
Жаңылыктар

ЕЭК Коллегиясынын башчысы: ЕАЭБ өлкөлөрү санариптик эгемендүүлүктү коргоо боюнча маселелерди бирге чечүүлөрү керек

31.01.2020
Жаңылыктар

Кыргызстандын ТИМде Ухань шаарынан Кыргызстандыктарды алып чыгуу варианттары каралууда

31.01.2020
Жаңылыктар

ЖККУ жана КМШ терроризмге каршы күрөшүү боюнча кызматташтыкты бекемдөөдө

31.01.2020
Жаңылыктар

Президент Генштабдын башчысы менен Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүн бекемдөө боюнча чараларды талкуулады

31.01.2020
Жаңылыктар

Жогорку Кеңеште дагы Кыргызстандын өкмөтүн таркатууну сунуштады

31.01.2020
Жаңылыктар

Манас аэропорту тышкы башкарууга берилет

30.01.2020
Жаңылыктар

Комерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн жолугушуусун белгисиз адамдар токтотууга аракет кылышкан

30.01.2020
Жаңылыктар

Премьер-министр эртең ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү кесиптештер менен жолугушат

30.01.2020
Дагы жүктөө
  • Setup menu at Appearance » Menus and assign menu to Footer Navigation
No Result
View All Result

wpDiscuz
0
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x
| Reply