No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
Пятница, 17.07.2026
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
No Result
View All Result
Home Без рубрики

Акыйкатчы Кытайдагы кыргыздардан кабар алууга аракет кылат

Кыргызстандын акыйкатчысы Токон Мамытов Кытайдагы кыргыздардын абалын талкуулаган жыйынга катышып, маселени жеринен иликтеп келиш үчүн Кытайга барып келүүга аракет кылууга убада берди.

Мамытов бүгүнкү айтылган маалыматтарды кагаз түрүндө жазып келип кайрылууга чакырып, ошого карата алар жөнүндө кабар алууга жардам берерин билдирди.

- Эртеңден баштап Кытайда дайыны чыкпай жаткандардын жакындарын кабыл алам. Кытайга барып келүүгө аракет кылам, - деди Мамытов.

Акыйкатчы ошондой эле фактыларды абайлап сүйлөөгө чакырды. Ал «эки өлкө ортосундагы ынтымакка от коюп алышыбыз мүмкүн» деп эскертти. Мамытов Кытайга барганда атайын лагерлерге алып барууну Кытай бийлигинен суранарын кошумчалады.

Буга чейин Кыргызстандагы кытайлык кайрылмандар ал жактагы тууган-уругунун дайын-дарегин билүүгө көмөктөшүүнү кыргыз бийлигинен өтүнүшкөн. Жакындары түрмөдө экенин айткан он чакты киши 26-ноябрда президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жазган.

27-ноябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Кытайдагы кыргыз улутундагы жарандардын камалышы боюнча маалыматтарды текшерип жатканын билдирген.

Казакстандагы кайрылмандар менен иштеген «Ата Журттун ыктыярдуу жаштары» уюмунун кабары боюнча, Кытайда кыргыз улутундагы 50 миңдей жаран камакта отурганы тууралуу маалымат бар.

Tags: акыйкатчыКытайКытайлык кыргыздар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Лента новостей

Новости

Секретная служба США недовольна использованием Вэнсом военных вертолетов

16.07.2026
Кыргызстан

Минюст Кыргызстана предложил компенсировать ущерб за незаконные действия госорганов

16.07.2026
Безопасность

Пентагон рассматривает варианты военной операции против Кубы

16.07.2026
Кыргызстан

Предпринимателя в Кыргызстане оштрафовали за продажу кофе без акцизной марки

16.07.2026
Кыргызстан

Дарье Масловой отказали в должности тренера сборной Кыргызстана

16.07.2026
Безопасность

Главный инженер Запорожской АЭС погиб при атаке беспилотника

16.07.2026
Кыргызстан

Кыргызстан и «ВТБ Медицина» подписали меморандум о сотрудничестве

16.07.2026
Безопасность

Два человека погибли в ДТП на трассе Бишкек - Ош

16.07.2026
Кыргызстан

В Кыргызстане открыли мемориальный комплекс «Аллея славы»

16.07.2026
Аналитика

Саммит НАТО показал глубокий кризис единства внутри западного блока

15.07.2026
Кыргызстан

На Иссык-Куле открылся оздоровительный комплекс «Кыргызалтын Резорт»

15.07.2026
Load More
  • Главная
  • Новости
  • Аналитика
  • В мире
No Result
View All Result
  • Кыргызстан
    • Общество
    • Политика
    • Безопасность
    • Экономика
    • Коррупция
    • Культура
    • Политика
    • Украина
  • В мире