Бишкекте “Форумдун” имаратынын алдында митинг өтүп жатат «Коррупция менен чыныгы күрөш үчүн» деген ураан менен башталды.
Митинге мурдагы Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин депутаттары Асел Кодуранова, Анвар Артыков, Мурадыл Мадеминовдор катышууда.
Кыргызстандын социалдык-демократиялык партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдиргендей, алардын оппоненттери “Форумдун” имаратында акча таркатып жатат деп жайылтып жаткан маалымат жалган экендигин айткан.
«Митингке катышуу үчүн акча чачып жатат деп атайын роликтерди таратып жатышат
. Бирок силер бул жерге акча үчүн келген жоксуңар да! Иш-чарага парламенттин мурдагы жана азыркы депутаттары, саясий жана коомдук ишмерлер катышат. Биз жөн гана өз ураандарды тандабайбыз. Биз коррупция менен реалдуу күрөшүүнү талап кылабыз. Коомчулук баарын көрүп, түшүнүп, баарын таразалап турат», – деди Кундуз Жолдубаева.
Жолудбаева катышуучулардын бардыгын бул мыйзам чегинде алып баруусун да суранды.