29-ноябрдагы жыйынды кытайлык кыргыздарды колдоо комитети уюштуруп жатат. Комитет өкүлү Марат Тагаев талкууга Кытайдагы кыргыздар жөнүндө маалыматтарга кайдыгер эмес жарандар, кытайлык кыргыздар чакырылганын билдирди.
Буга чейин Кыргызстандагы кытайлык кайрылмандар ал жактагы тууган-уругунун дайын-дарегин билүүгө көмөктөшүүнү кыргыз бийлигинен өтүнүшкөн. Жакындары түрмөдө экенин айткан он чакты киши 26-ноябрда президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдошкон.
27-ноябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Кытайдагы кыргыз улутундагы жарандардын камалышы боюнча маалыматтарды текшерүүгө алып жатканын билдирген.
Казакстандагы кайрылмандар менен иштеген “Ата Журттун ыктыярдуу жаштары” уюмунун кабарлашынча, Кытайда 50 миңдей кыргыз тектүү жаран камакта отурганы тууралуу маалымат бар.
Бишкектеги жыйын “Достук” мейманканасында, саат 15:00дө башталат