УВД басма сөз кызматы билдиргендей, Жалал-Абад облусунда, өлүм менен аяктаган чыр-чатак болгон.
10-январда Чаткал районундагы унаа жолунан жүк ташуучу авто унаа менен 30 жаштагы Бишкектин тургуну бараткан. Жолдон BMW авто унаасы, негизги өтүүчү жолду тосуп турганын көруп, токтоп, жолдон алып коюуусун суранат. Эки айдоочуунун ортосунда чыр чыгып, BMW автоунаасынын айдоочусу тапанчасын алып чыгып, Бишкектин тургунун атып, качып кетет.
Кылмыш болгон жерге медицина кызматкерлери келип, жүк ташуучу унаанын айдоочусун алып кетишет, бирок оорууканага жетпей, каза болуп калган.
Кылмышкер бир нече сааттан кийин кармалды, ал Терек-Сай айылынын тургуну болгон. УВД маалыматы боюнча, BMW автоунаанын айдоочусу кылмыш учурунда мас абалында болгон.
Сүрөт: 1zoom.me