Бишкек шаарынын коомдук транспортунун иши 31-декабрдан 1-январга караган түнү саат 2ге чейин уланат, бул туурасында Бишкек шаардык мэриясынын басма-кызматы маалымдайт.
Шаардын тургундары менен меймандары бул убакытка чейин Бишкекте автобустар, маршруттук таксилер жана троллейбустар ишин уланта берет.
Борбор боюнча автобустар 7, 9, 38 жана 42 номурлары жана 2,4,7,8,10,14 номердеги троллейбус, автобустар тейлейт.
Көбүнчө тандоо маршруттук таксинин арасында кала берет: 143,166, 164, 260, 192, 254, 211, 240, 219, 224, 222.
Мурда борбордук мэрия эң мыкты жасалгаланган троллейбостарга старт жарыялаган анын жеңүүчүлөрү акчалай сыйлык алышат, ал эми жүргүнчүлөр — майрамдык маанайга бөлөнүшөт.
Эске сала кетсек, өлкөнүн башкы балатысы Бишкекте, Ала-Тоо аянтында орнотулган.
Сүрөт: gastronom.ru