No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
Пятница, 01.05.2026
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
No Result
View All Result
Home Без рубрики

Чубак Жалиловго Орусия жана АКШ аймагына кирүүгө тыюу салууну сунуш кылышты

14.11.2018

Кыргыз Республикасынын экс-муфтийин экстремизмге шектүү дешип, анын сөздөрүн экспертизадан өткөрүүгө кеңеш беришти. Уламалар Кеңешиндегилер эмне үчүн бул талап негизсиз экендигин түшүндүрүштү

Экс-муфтийлер Чубак ажы Жалиловго жана Абдышүкүр ажы Нарматовго Орусиянын жана АКШнын аймагына кирүүгө тыюу салуу зарыл. Мындай деген билдирүүнү Америкада жашаган Кыргызстандын блогери Динара Самет жасады.

Ал өз видеотасмасында мекендештерине кайрылып, ажылардын сөздөрүн экспертизадан өткөрүүнү сунуштаган. Анткени ал сөздөр экстремисттик чакырыктар деп айтат ал.

«Мамлекет башчысы, көзөмөл органдары жана укук коргоочулар эч кандай чара көрүшпөйт, баары эле шалдайышат. Күрөшүү ыкмасы бар, алардын сүйлөгөн сөздөрүн орусчага жана англисчеге которуп туруп, Москва менен Вашингтонго жөнөтүү керек. Алардын ар бир сүйлөгөн сөздөрү радикалдык экстремисттик мүнөздө. Шарият боюнча жашоону жана жашы жете электерге үйлөнүүнү, көп аял алууну үгүттөп жатышат. Агрессияга түртүп жатат. Эгерде экспертизадан алардын сөздөрүн өткөрсө пайда алардыкына чечилбейт деп ишенем», - дейт ал. (орфографисы жана пунктуация бузулбай берилди)

Динара Саметтин сөзү боюнча, эксперттердин корутундусунун негизинде диний ишмерлерди сотко берип жана Орусия менен АКШга кирүүгө тыюу салса болот.

«Ал келип, штаттарды кыдырат жана жаштардын мээлерин айлантат», - дейт ал.

Ал ортодо Vesti.kg сайты комментарий үчүн Кыргызстандын уламалар Кеңешине кайрылды, ал жерде Чубак ажы менен Абдышүкүр ажы да мүчө болуп саналат.

Уламалар Кеңешинин төрагасынын орун басары Марс ажы Ибраев өз кезегинде Кыргызстанда исламдын орношуна Жалилов менен Нарматов  чоң салым кошушкандыгын белгилеп кетти.

- Бул кишилер диндин туура нукка  салынышына чоң жардам кылышкан, ошондой эле жаш муундарды тарбиялашты, - деп баса белгиледи Ибраев.

- Экөө тең сабаттуу, окумуштуу адамдар, ойлонуп туруп сүйлөшөт. Башкача айтканда «жети өлчөп, бир кесишет». Алардын сөздөрүнө эң биринчи кезекте бааны эл берет. Эгерде алар экстремисттик чакырыктарды жасашса муфтият жана укук коргоо органдары капкачан эле кармамак да аларды.

Андан сырткары, Ибраев уламалар Кеңешинин төрагасы Абдүшүкүр Нарматов экендигин, Чубак ажы Жалилов болсо ардакту мүчөсү экендигин кошумчалады.

- Абдышүкүр ажы Нарматов ушунча жылдан бери тийешелүү органдар бир да жолу ага эскертүү беришпегендигин айтат, - дейт ал. - Биз бул адамдар менен сыймыктанабыз. Албетте, аларды да кимдир бирөөлөр туура эмес түшүнүп алышы мүмкүн. Ал ар бир адамдын өз укугу.

Tags: динкоркунучЧубак ажыэск муфтий

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Лента новостей

Аналитика

Реформа в КР уменьшила бюрократию и упростила условия для предпринимателей

30.04.2026
Кыргызстан

В Кыргызстане предлагают ужесточить наказание за нападения на врачей

30.04.2026
Безопасность

Белоусов заявил о растущем вовлечении ЕС в украинский конфликт

30.04.2026
Новости

Трамп объявил о переименовании Ормузского пролива

30.04.2026
Безопасность

Трамп допустил одновременное завершение конфликтов на Украине и вокруг Ирана

30.04.2026
Безопасность

Трамп поддержал инициативу Путина о перемирии с Украиной

30.04.2026
Кыргызстан

Бывшего руководителя ГКНБ обвинили в подготовке захвата власти

30.04.2026
Кыргызстан

В Оше ребенок сорвался с кондиционера и упал этажом ниже

30.04.2026
Аналитика

Кыргызстан усиливает роль ШОС на фоне глобальной нестабильности

29.04.2026
Кыргызстан

Управление делами президента получило контроль над Кыргызтелекомом

29.04.2026
Коррупция

Руководство Бишкекского электросетевого предприятия задержали по делу о хищении средств

29.04.2026
Load More
  • Главная
  • Новости
  • Аналитика
  • В мире
No Result
View All Result
  • Кыргызстан
    • Общество
    • Политика
    • Безопасность
    • Экономика
    • Коррупция
    • Культура
    • Политика
    • Украина
  • В мире