No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
Среда, 17.09.2025
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
No Result
View All Result
Home Без рубрики

Дестабилизация технологиясы. Мамлекетти кантип ичтен талкаласа болот?

30.11.2018

Эки төңкөрүштү башынан өткөрүп, эки президентти кубалап чыкканы менен, » сары түстүү» төңкөрүшкө кабылган өлкөлөргө караганда территориясы сакталуу бойдон калып, ылдам бийлик алмашкан, жарандык каршылыкка кабылып согуш чыкпаган уникалдуу өлкө катары Кыргызстанды айтса болот.

Кыргызстан бул сыноолордон өттү, бирок, АКШ дале да болсо, өлкөдө кырдаалды курчутуп, бири-бири менен кагыштырып, Сирия менен Украинадагыдай өзүн өзү жок кылууга түртүү үчүн аракетин токтотпой келет. Армения акырына чейин каршы турду. 2016-жылы ал жакта бийликти күч менен басып алуу аракети болду. Анда кырсыктан качууга мүмкүн болгон, бирок, президентти кысымга алуу болду. Армениядагыдай эле абал Кыргызстанда да болду. Президенттин алмашуусунда ички элиталардын тирешүүсү аркылуу болду.

Армениядагы өлкөнү талкалоо боюнча тажрыйбасы Кыргызстандын азыркы кырдаалына да колдонсо болот. Еревандагы 2016-жылкы трагикалык окуяга катышып, өз көзү менен көргөн Арман Гукасян жана Цовинар Костанян бир жылдан кийин Армениядагы бийликти алмаштыруу боюнча ыкмасы тууралуу Бишкекте да доклад жасашкан. Азыр ал тууралуу эстөө ашыкча болбойт.

Баары Еревандагы милиция полкунун имаратын басып алуудан башталган. Бул акцияга тоолу Карабах урушуна катышкан элге таанымал кишилер катышкан. Курал жарак колдонулган бул конфликте үч полицейский каза болгон жана дефакто терорристик акт катары баалса болот. Официалдуу бийлик үчүн бул нокауттук  сокку болуп бир канча убакыт алар эмне кылаарын билбей калышкан.

Ошол эле убакта уюштуруучулар президенттин, өкмөттүн кетишин жана парламентти таркатууну талап кыла башташкан. Көчөлөргө миңдеген жарандар чыгып, бийликке каршы чыккандарды коргоп башташкан. Ушул убактан баштап Еревандык бийликке басым жасоо башталган. Бул акцияны АКШ менен ЕБ колдошуп, демонстранттарга каршы күч колдонуудан баш тартуу керек экендигин айта башташкан.

Ал эми ЖМКлар, айрыкча батыштан каржыланган ЖМКлар активдүү иштешип, элди башка нукка бурууга аракет көрүшкөн. Бул тууралуу Еревандык эксперттер айтышууда. ЖМКлар дайыма бейөкмөт мүчөлөрүнүн лидерлеринен маек алышып, алардын ойлорун жайылтып турушкан. Публикациялардын көбү бийликке каршы маанайда чыгарылып турган.

Бир күндө ар тараптан, соц.тармактардан каргашалуу окуялар жайылтылып элди дүрбөтүп турушкан.  Face­bookта эксперттердин айтуусу боюнча, фейк аккаунттар элди көчөгө чыгууга жана укук коргоо кызматкерлерин өлтүрүүгө үндөгөн постторду чыгарышкан.

Тергөөдө аныкталгандай интернетте атайын топтор иштешип, элди ар кандай ызы чуу окуяга түртүп, үндөп, кылмыштуу иштерди кылууга, коркпоого чакырып таратып иштешкен. Официалдуу маалыматка ылайык, Еревандагы кагылышууга чейин 200 дөн ашык фейк аккаунттар пайда болгону айтылган. Бул аккаунттарды бейөкмөт уюмдардын 20 дай өкүлү колдонушуп, ар кандай маалыматтарды чыгарып турушкан. Аларга сырттан дагы фейсбук аркылуу колдоо көрсөтүп турушканы аныкталган.

Аны менен катар эле Еревандын көчөлөрүндө атайын топтор жүрүшүп, алар эл менен полициянын ортосунда атайлап кагылышуу уюштурушкан. Интернет аркылуу атайын инструкциялар жайылтылып, укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен кагылышкан учурда эмне кылуу керек жана аларга болушунча залал келтирүү үчүн эмне кылуу керек экендигин айтып таратышкан.

Дагы бир топ болсо, элдин арасында ушак маалыматтарды таратып, Россия тараптан армия келе жатканын, атайын отряд келип түшкөнүн жана элди, кишилерди аянбай өлтүрүүгө бел байланып жаткандыгын айтып атайлап паника уюштуруп турушкан.

2016-жылдагы Армениядагы 2 жумалык башаламандык өлкө үчүн чоң сыноо болду. Бийлик кырдаалды көзөмөлдөй алды, бирок, аларды башка «демократиялык» жол менен кысымга алышты. Андыктан, өлкөнү туруксуз кылуу боюнча жана бийликти алмаштыруу боюнча батыштын ыкмалары жыл өткөн сайын күчтүү болуп келет. Бул коркунучка Сирия Ирак, Ливан жана Украинадай жолго түшкүсү келбегендер даяр турушу керек.

Tags: 2016-жылАрмениябатышчыл күчтөрбашаламантөңкөрүшХаос

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Лента новостей

Кыргызстан

В «Ата-Бейит» почтили память жертв пограничного конфликта с Таджикистаном

17.09.2025
Безопасность

В Бишкеке 17-летняя девушка подозревается в убийстве мужчины

17.09.2025
Безопасность

Генсек ОДКБ Тасмагамбетов подчеркнул важность готовности сил быстрого развертывания

17.09.2025
Безопасность

Пентагон выделяет Украине два пакета военной помощи на $1 млрд

17.09.2025
Безопасность

Моди поддержал усилия Трампа по мирному урегулированию на Украине

17.09.2025
Безопасность

Трамп заявил, что Зеленскому придется согласиться на сделку по Украине

17.09.2025
Кыргызстан

Жапаров объявил строгий выговор мэру Оша

17.09.2025
Кыргызстан

Всемирные игры кочевников пройдут в Кыргызстане с 31 августа по 6 сентября 2026 года

17.09.2025
Кыргызстан

ЕАЭС и Индия договорились ускорить переговоры о зоне свободной торговли

17.09.2025
Кыргызстан

Кыргызстан и Россия создают совместный совет по вопросам истории

17.09.2025
Аналитика

От сенсации к реальности: как Уганда превращает золото в экономический драйвер

16.09.2025
Load More
  • Главная
  • Новости
  • Аналитика
  • В мире
No Result
View All Result
  • Кыргызстан
    • Общество
    • Политика
    • Безопасность
    • Экономика
    • Коррупция
    • Культура
    • Политика
    • Украина
  • В мире