Эки төңкөрүштү башынан өткөрүп, эки президентти кубалап чыкканы менен, ” сары түстүү” төңкөрүшкө кабылган өлкөлөргө караганда территориясы сакталуу бойдон калып, ылдам бийлик алмашкан, жарандык каршылыкка кабылып согуш чыкпаган уникалдуу өлкө катары Кыргызстанды айтса болот.
Кыргызстан бул сыноолордон өттү, бирок, АКШ дале да болсо, өлкөдө кырдаалды курчутуп, бири-бири менен кагыштырып, Сирия менен Украинадагыдай өзүн өзү жок кылууга түртүү үчүн аракетин токтотпой келет. Армения акырына чейин каршы турду. 2016-жылы ал жакта бийликти күч менен басып алуу аракети болду. Анда кырсыктан качууга мүмкүн болгон, бирок, президентти кысымга алуу болду. Армениядагыдай эле абал Кыргызстанда да болду. Президенттин алмашуусунда ички элиталардын тирешүүсү аркылуу болду.
Армениядагы өлкөнү талкалоо боюнча тажрыйбасы Кыргызстандын азыркы кырдаалына да колдонсо болот. Еревандагы 2016-жылкы трагикалык окуяга катышып, өз көзү менен көргөн Арман Гукасян жана Цовинар Костанян бир жылдан кийин Армениядагы бийликти алмаштыруу боюнча ыкмасы тууралуу Бишкекте да доклад жасашкан. Азыр ал тууралуу эстөө ашыкча болбойт.
Ошол эле убакта уюштуруучулар президенттин, өкмөттүн кетишин жана парламентти таркатууну талап кыла башташкан. Көчөлөргө миңдеген жарандар чыгып, бийликке каршы чыккандарды коргоп башташкан. Ушул убактан баштап Еревандык бийликке басым жасоо башталган. Бул акцияны АКШ менен ЕБ колдошуп, демонстранттарга каршы күч колдонуудан баш тартуу керек экендигин айта башташкан.
Бир күндө ар тараптан, соц.тармактардан каргашалуу окуялар жайылтылып элди дүрбөтүп турушкан. Facebookта эксперттердин айтуусу боюнча, фейк аккаунттар элди көчөгө чыгууга жана укук коргоо кызматкерлерин өлтүрүүгө үндөгөн постторду чыгарышкан.
Тергөөдө аныкталгандай интернетте атайын топтор иштешип, элди ар кандай ызы чуу окуяга түртүп, үндөп, кылмыштуу иштерди кылууга, коркпоого чакырып таратып иштешкен. Официалдуу маалыматка ылайык, Еревандагы кагылышууга чейин 200 дөн ашык фейк аккаунттар пайда болгону айтылган. Бул аккаунттарды бейөкмөт уюмдардын 20 дай өкүлү колдонушуп, ар кандай маалыматтарды чыгарып турушкан. Аларга сырттан дагы фейсбук аркылуу колдоо көрсөтүп турушканы аныкталган.
Аны менен катар эле Еревандын көчөлөрүндө атайын топтор жүрүшүп, алар эл менен полициянын ортосунда атайлап кагылышуу уюштурушкан. Интернет аркылуу атайын инструкциялар жайылтылып, укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен кагылышкан учурда эмне кылуу керек жана аларга болушунча залал келтирүү үчүн эмне кылуу керек экендигин айтып таратышкан.
Дагы бир топ болсо, элдин арасында ушак маалыматтарды таратып, Россия тараптан армия келе жатканын, атайын отряд келип түшкөнүн жана элди, кишилерди аянбай өлтүрүүгө бел байланып жаткандыгын айтып атайлап паника уюштуруп турушкан.
2016-жылдагы Армениядагы 2 жумалык башаламандык өлкө үчүн чоң сыноо болду. Бийлик кырдаалды көзөмөлдөй алды, бирок, аларды башка “демократиялык” жол менен кысымга алышты. Андыктан, өлкөнү туруксуз кылуу боюнча жана бийликти алмаштыруу боюнча батыштын ыкмалары жыл өткөн сайын күчтүү болуп келет. Бул коркунучка Сирия Ирак, Ливан жана Украинадай жолго түшкүсү келбегендер даяр турушу керек.