Ушул күндөрдө Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Рима Апасова Улуу Британиянын биздин өлкөдөгү ыйгарым укуктуу элчиси Чарльз Гарретт менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар эки өлкө ортосундагы эки тараптуу соода-экономикалык өз-ара аракеттешүүнү кеңейтүү потенциалы талкууланды.
Ошентип, алар ВСП+программасынын алкагында Европа Союзунун өлкөлөрүнө Кыргыз Республикасынан өндүрүлгөн продукцияларды экспорттоо тууралуу айтып беришти.
Маектешүү учурунда Чарльз Гарретт тарабынан биздин өлкөдөн кийинки жылы Улуу Британиядагы эл аралык деңгээлдеги ишкер окуяларга катышууга Бизнес миссиянын чакыруусу айтылды. Анын айтымында, алардын катышуусу жаңы байланыштарды жана экспортту жөнгө салууга көмөк көрсөтөт.
Өнөр жай палатасынын вице-президенти Британиялык компаниялары менен иштиктүү мамилелерди түзүүгө кыргызстандык бизнесмендердин кызыгуусун билдирди.
Ал элчиге чакыруу үчүн жана Кыргызстандын ишкерлери үчүн жаңы рынокту өздөштүрүүдө келечектүү мүмкүнчүлүктөр үчүн ыраазычылык билдирди.