Евразия өнүктүрүү Банкы Бишкек — Ош автожолунун курулушуна, жалпы узундугу 67 километрди түзгөн Маданият — Жалал — Абад участогун инвестициялоону жыйынтыктады. Бул туурасында бүгүн пресс-конференцияда инвестициялык программаларды ишке ашыруу тобунун жетекчисинин милдетин аткаруучу Санжар Асаналиев билдирди.
Ал белгилегендей, Евразия өнүктүрүү банкы тарабынан бир нече талаптар бар.
“Эки жолу банктын өкүлдөрү бул маселелерди талкуулоого келишкен. Ошондой эле транспорт министринин Москвага жасаган иш сапары болду. 6 тапшырма 7ге чейинки аткарылган. Учурдагы долбоор боюнча, атап айтканда, баштапкы чыгымдар боюнча, отчет берүү жана толук дизайн кабыл алуу боюнча айрым маселелер пайда болду.
Банкта подрядчыны мобилизациялоо жөнүндө, ошондой эле бөлүнгөн каражаттар арналышы боюнча пайдаланылышы үчүн каржылоону контролдоо жөнүндө маалымат берүүнү суранды. Ошондой эле банкта көчүрүү планы жөнүндө маалыматты берүүнү талап кылат”, — деп белгиледи Асаналиев.
Жогоруда көрсөтүлгөн пункттар боюнча Евразия өнүктүрүү Банкы акча каражаттарын бөлүп берүүнү токтотуу зарылчылыгы тууралуу чечим кабыл алды. Транспорт министрлигинде кредит берүүнүн кайрадан башталуусу күтүлүүдө.
Аталган долбоорго ылайык 60 млн доллар өлчөмүндө насыя берүү каралууда. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн үлүшү 12 млн долларды түзөт. Азербайжан Республикасынын «Azvirt» компаниясы долбоордун подрядчысы.