Улуттук антитеррордук комитеттин маалыматына караганда, жардыруучу затты алып кирип бараткан киши өзү мерт болду. Анын тек-жайы аныкталууда. ФСБнын үч кызматкери жараланганы кабарланды.
Окуя Архангелскте болгон.
Көп өтпөй ТАСС чукул кырдаал кызматтарына таянып, каза тапкан киши “Тез жардам” кызматынын дарыгерлери жардам берип жатканда үзүлгөнүн маалымдады. Маркум ФСБнин кызматкери эмес экени айтылды.
Облус губернатору Игорь Орлов бардык коомдук жайларда коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүн билдирди. Жардыруудан кийин имараттагылар эвакуацияланган.
Булак: Азаттык