Казакстандык атактуу каскадер Касым Жумакожо 34 жашында дүйнөдөн кайтты. Ал түнкү клубда, хелоуинде асылып өлгөн мумияны ойноп аткан кезден кийин каза болгон.
Ал 15 минут асынып өлгөн мумияны ойногон. Атайын белгилер менен жардамчыларына баары жайында деген белги берип турган. Бирок, актер жерге түшкөндөн кийин ал шалдырап, алсыз жатканын байкашып тез жардам чакырышкан. Тез жардам кызматкерлери келгенден кийин актер каза тапкан.
Атактуу актер Казакстандын белгилүү инсаны болгон. Ал актерлук менен гана алектенбестен спорттук гимнастика жана таэквондо менен машыккан.
Маркум Касым Жумакожо “Алтын аю” сыйлыгын ээси болгон. Анын алгачкы атактуулук алып келген кинотасмалары “Көшпенділер” фильми жана “Дневной дозор” болгон.
Ал Голливуд жылдыздары Сильвестр Сталлоне, Джейсон Стэйтем, Дольф Лундгрен, Жан-Клод Ван Дамм, Чак Норрис, Арнольд Шварценеггер ойногон “Неудержимые-2” фильмине тартылган.
Анын акыркы тасмалары “Балуан Шолақ”, “Тобол”, “Викинг”, “Анаға апарар жол” сыяктуу көптөгөн тасмаларда тартылган.