Германиянын, Фридрих Шиллер университетинин окумуштуулары 1990-2016-жылдар аралыгында изилдөө жүргүзгөн.
Эксперттер туура эмес тамактануунун кесепетинен адам өлүмү көп катталган өлкөлөрдүн тизмесин жарыялады. Аталган рейтингде Кыргызстан үчүнчү орунда турат.
Маалыматта Германиянын Шиллер университетинин окумуштуулары 1990-2016-жылдар аралыгында изилдөө жүргүзгөнү айтылат.
Анын жыйынтыгында КМШ өлкөлөрүндө жашагандар өмүрүнө коркунуч жараткан тамактар менен көбүрөөк азыктанары аныкталган.
100 миң калкынын 394ү туура эмес тамактануунун айынан ажал тапкан Өзбекстан мамлекети рейтингдин биринчи сабына чыккан. Экинчи орунда турган Түркмөнстанда 376 адам ушундай себеп менен каза болот. Ал эми Кыргызстан үчүнчү орунда, өлкөдө туура эмес азыктануунун кесепетинен 350 киши көз жумат.
Андан кийинки саптарда Украина, Молдова, Азербайжан, Белоруссия, Тажикистан жана Казакстан турат.
Ал эми Россияда 100 миң адамдын 291и каза болуп алдыңкы ондукка кошулган.
Батыш Европада бул маселе боюнча эң начар кырдаал Германияда экени аныкталган.
Эксперттердин билдиришинче, эң эле туура тамактангандар болуп Испания менен Израилдин жашоочулары эсептелет.
Сүрөт: sputnik.kg