Кант шаарындагы, аскер аба базасында майрам күндөрү, эки өлкөнүн аскерлерине Орусия менен Кыргызстандын салттуу тамактары даярдалат. Майрамдык менюга аскерлерге биринчи тамак, салаттар, закускалар, ошондой эле шириндиктер берилет. Ошондой эле аскерлер салттуу тамактар палоо, бешбармактарды татышат. Эч бир майрам баарынын сүйүктүүсүнө айланган Орусиянын оливьесиз өтпөйт эмеспи, ошондой эле десертке түркүн мөмө-жемиштер, экзотикалык таттуулар берилет.
Чүй областында жайгашкан Кант-аэродром, аскердик базасы 15-жылдык келишимдин негизинде Орусия тарабынан колдонулат. Келишим 2003-жылы түзүлгөн. Бир нече жыл ичинде, тактап айтканда, 2009-жылы Кыргызстан менен Орусиянын ажолору тарабынан жөнгө салуучу эки тараптуу келишимдик-укуктук базаны меморандумга кол койулган. Аскердик күчтөр. аба базасынын негизги максаты, эки өлкөнүн аскерлеринен турган, Жамааттык ОДБК-абадан коопсуздук жана аскер күчтөрүн колдоо.
Майрамдык менюну офицерлер гана эмес, аскерлер, мөөнөттөгүлөр же күнү-түнү кайтаруучалар үчүн дагы. Биргелешкен Кант аба базасы – тез аракеттенүүчү, жигердүү жамааттык күчтөрүнүн бир бөлүгү. Алар абадагы тынчтыкты коргоо үчүн талыкпай эмгектенип келишет.
Сүрөт: rus.azattyk.org