Оппозиция десе эле — митингдер, ызы-чуу, таш, таяк көтөргөн марштар деп ким айтыптыр? Антсе да, Кыргызстандыктар оппозицияны так ушундай түшүнүктө кабыл алышат. Муну бизге демократия деген нерсе үйрөттү. Коомго атайлап ушундай түшүнүк киргизилип, вирус сыяктуу жайылтылган. Ошондуктан, оппозиция дегенде классикалык кандайдыр бир багыттагы партия же уюм катары түшүнүү өтө кыйын. Ушундай түшүнүктүн айынан өлкөдө эки төңкөрүш болуп, андан араң дегенде мамлекет суурулуп чыкты.
Кыргызстандын реалдуу саясатын алып карасак, анда чыныгы өлкөнү өнүктүрүүгө болгон программалардын күрөшү эмес, саясий элита арасында, ички интрига аркылуу түзүлгөн жеке мамилелерге байланыштуу саясат деп түшүнсөк болот. Кадрлардын чагылгандай тез алмашуусу, жумуштан сыртта калган же кызматка жетпей калган чиновниктердин ички таарынууларына жык толгон. Ошондуктан, качандыр бир кезде кызматка жетпей же ордунан бошоп калган чиновниктердин бири-биринен өч алуу принциби менен түзүлгөн саясат “элдешкис оппозиционер” катары таанылып калган.
Мына ушул, кандайдыр бир саясий көз карашы, принциби жок саясий күчтөр сырткы күчтөргө тез алданып кетет. Ким аларга каржылык колдоо көрсөтүп койсо эле алар анын сурнайынын алдында бийлегенге даяр болуп калышат. Алар “буйрук” бергендердин эмне каалааса ошонусун аткарууга, ички интригадан чоң саясий акцияга чыгууга чейин даяр болуп калышат. Атүгүл митингге чыгып, кыйкырып туруу үчүн атайын акы алган атайын топтор дагы бар, андан дагы атайын даярдалган ОБОН отрядын дагы жалдап жиберсе боло турган иш.
Ошондуктан «оппозициянын» сапатына терең көңүл буруу зарыл. Анткени, оппозиция деген көшөгөнүн артына кызматтан куулуп калган, коррупцияга шектелип иштен кеткен, чет өлкөдөн акча алып сыртка иштеген өкмөттүк эмес уюмдар туруп алышы мүмкүн. Ошондуктан, оппозициянын өлкөнү өнүктүрүүгө атайын программасы жок.
Мындай «оппозициянын» коркунучтуусу алардын эч кандай принцип жана идеологиясы жок. Ошондуктан аларды оңой эле бийликке каршы тукуруп же болбосо өлкөнүн мамлекеттүүлүгүнө доо кетирген башаламан акцияларды, ызы чууларды убштурганга колдонуп койсо болотв. Батыш муну дайыма өз кызыкчылыгына колдонуп, оппозиция дайыма сөөк ыргытып аларды өз чынжырынан чыгарбай кармап турат. Бул Кыргызстандын саясатына жана кабыл алган чечимдерине чоң таасир бере турган эң бир талуулу жери.