No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
Бейшемби, 22.05.2025
  • Setup menu at Appearance » Menus and assign menu to Main Navigation
  • Setup menu at Appearance » Menus and assign menu to Main Navigation
No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
No Result
View All Result
Башкы бет Аналитика

Кыргызстанда оппозиция барбы? Оппозиция деген көшөгөнүн артында кимдер турат?

23.11.2018
Аналитика

Оппозиция десе эле — митингдер, ызы-чуу, таш, таяк көтөргөн марштар деп ким айтыптыр? Антсе да, Кыргызстандыктар оппозицияны так ушундай түшүнүктө кабыл алышат. Муну бизге демократия деген нерсе үйрөттү. Коомго атайлап ушундай түшүнүк киргизилип, вирус сыяктуу жайылтылган. Ошондуктан, оппозиция дегенде классикалык кандайдыр бир багыттагы партия же уюм катары түшүнүү өтө кыйын. Ушундай түшүнүктүн айынан өлкөдө эки төңкөрүш болуп, андан араң дегенде мамлекет суурулуп чыкты.

Кыргызстандын реалдуу саясатын алып карасак, анда чыныгы өлкөнү өнүктүрүүгө болгон программалардын күрөшү эмес, саясий элита арасында, ички интрига аркылуу түзүлгөн жеке мамилелерге байланыштуу саясат деп түшүнсөк болот. Кадрлардын чагылгандай тез алмашуусу, жумуштан сыртта калган же кызматка жетпей калган чиновниктердин ички таарынууларына жык толгон. Ошондуктан, качандыр бир кезде кызматка жетпей же ордунан бошоп калган чиновниктердин бири-биринен өч алуу принциби менен түзүлгөн саясат “элдешкис оппозиционер” катары таанылып калган.

Мына ушул, кандайдыр бир саясий көз карашы, принциби жок саясий күчтөр сырткы күчтөргө тез алданып кетет. Ким аларга каржылык колдоо көрсөтүп койсо эле алар анын сурнайынын алдында бийлегенге даяр болуп калышат. Алар “буйрук” бергендердин эмне каалааса ошонусун аткарууга, ички интригадан чоң саясий акцияга чыгууга чейин даяр болуп калышат. Атүгүл митингге чыгып, кыйкырып туруу үчүн атайын акы алган атайын топтор дагы бар, андан дагы атайын даярдалган ОБОН отрядын дагы жалдап жиберсе боло турган иш.

Кыргызстанда ушундай саясий күрөштүн түрүн демократияны “жайылткандар” үйрөтүшкөн. Так ушул чет өлкөлүк агенттер саясий күрөш жүргүзүүдө митинг, флешмобторду өткөрүп, ЕАЭБке каршы акцияларды, конституциялык түзүмгө каршы иш-чараларды уюштурушкан.

Ошондуктан «оппозициянын» сапатына терең көңүл буруу зарыл. Анткени, оппозиция деген көшөгөнүн артына кызматтан куулуп калган, коррупцияга шектелип иштен кеткен, чет өлкөдөн акча алып сыртка иштеген өкмөттүк эмес уюмдар туруп алышы мүмкүн. Ошондуктан, оппозициянын өлкөнү өнүктүрүүгө атайын программасы жок.

Так ушул себептен, партиялык система мындай кырдаалда пайда бербейт. Партиялар дагы бийликке же акчага көз каранды. Бир дагы саясий принципти кармап, узак убакытка иштеген уюмдар жок, баары убактылуу акча кызыкчылыгына байланган кызыкчылыктар иштейт. Ошондуктан, саясатчылар шайлоодон шайлоого чейин партиядан партияга секирип, идеяларын оңой эле сатып, коммунист болсо бат эле капиталист болуп чыга келишет. Ушул себептен улам Жогорку Кенештин сапаты таптакыр өзгөрбөстөн кала берүүдө.

Мындай «оппозициянын» коркунучтуусу алардын эч кандай принцип жана идеологиясы жок. Ошондуктан аларды оңой эле бийликке каршы тукуруп же болбосо өлкөнүн мамлекеттүүлүгүнө доо кетирген башаламан акцияларды, ызы чууларды убштурганга колдонуп койсо болотв.  Батыш муну дайыма өз кызыкчылыгына колдонуп, оппозиция дайыма сөөк ыргытып аларды өз чынжырынан чыгарбай кармап турат. Бул Кыргызстандын саясатына жана кабыл алган чечимдерине чоң таасир бере турган эң бир талуулу жери.

Грецияда Вермахттын Түркистан легионунун қатышуусуна реаблитация мүмкүндүгүнө наразы болду

19.12.2019

Серепчи: Евразиянын АКШны чөгөлөтүү үчүн аракеттери үзгүлтүккө учурайт

27.06.2019

АКШ менен Кытайдын соода тирешүүсү глобалдык рецессияга алып келет

13.05.2019

Кыргызстандын ишенимдүү маалыматты пайдалануу үчүн АКШ мамлекеттик департаментинен сурады

27.03.2019
Белгилер: АКШБатышКыргызстаноппозициясаясат
Мурунку пост

CNN: Трамп аскерлерге чек арасындагы мигранттарга ок атууга уруксат берди

Кийинки пост

Терорризмге каршы жөө жүрүш өттү

Кийинки пост

Терорризмге каршы жөө жүрүш өттү

Subscribe
Notify of
guest
guest
0 Comments
Inline Feedbacks
View all comments

Жаңылыктар лентасы

Жаңылыктар

ПРООН чек арачыларга компьютер жабдууларын тапшырды

31.01.2020
Жаңылыктар

Россиянын премьер-министри: биздин өлкө союздаштарга өзүнүн технологиясын берүүгө даяр

31.01.2020
Жаңылыктар

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкүлдөрү биримдиктин ишмердүүлүгүн жана келечегин талкуулашты

31.01.2020
Жаңылыктар

ЕЭК Коллегиясынын башчысы: ЕАЭБ өлкөлөрү санариптик эгемендүүлүктү коргоо боюнча маселелерди бирге чечүүлөрү керек

31.01.2020
Жаңылыктар

Кыргызстандын ТИМде Ухань шаарынан Кыргызстандыктарды алып чыгуу варианттары каралууда

31.01.2020
Жаңылыктар

ЖККУ жана КМШ терроризмге каршы күрөшүү боюнча кызматташтыкты бекемдөөдө

31.01.2020
Жаңылыктар

Президент Генштабдын башчысы менен Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүн бекемдөө боюнча чараларды талкуулады

31.01.2020
Жаңылыктар

Жогорку Кеңеште дагы Кыргызстандын өкмөтүн таркатууну сунуштады

31.01.2020
Жаңылыктар

Манас аэропорту тышкы башкарууга берилет

30.01.2020
Жаңылыктар

Комерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн жолугушуусун белгисиз адамдар токтотууга аракет кылышкан

30.01.2020
Жаңылыктар

Премьер-министр эртең ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү кесиптештер менен жолугушат

30.01.2020
Дагы жүктөө
  • Setup menu at Appearance » Menus and assign menu to Footer Navigation
No Result
View All Result

wpDiscuz
0
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x
| Reply