Кыргызстанда ВИЧ оорусу менен ооруп каза болгон адамдардын саны 1996 –жылдан бери 1873-кө жеткен. Бул тууралуу республикалык «СПИД» коому билдирди.
2018-жылдын октябрь айына карата республикада жалпы 8600 инфекцияны алып жүрүүчүлөр катталган. Алардын 8137 – чоңдорду түзсө, калган 645 – балдар.
Дүйнөлүк Сааламаттыкты сактоо Уюму ВИЧтин эң тез жайылуусу катталган 25 өлкөнүн катарына Кыргызстанды дагы киргизди. Ал эми эң эле көп ВИЧ инфекциясын алып жүргөндөр Кыргызстанда эркектер экени аныкталган.