No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
Шейшемби, 20.05.2025
  • Setup menu at Appearance » Menus and assign menu to Main Navigation
  • Setup menu at Appearance » Menus and assign menu to Main Navigation
No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
No Result
View All Result
Башкы бет Жаңылыктар

Кыргызстандагы мусулмандардын саны канча: факт жана ойдон чыгаруу

01.11.2018
Ой-пикирин

Диний кызматкерлер өзүлөрүнүн баян, сабак жана насааттарында – Кыргызстандын калкынын 80-90 пайызы чыныгы мусулман экендигин кайталап айтып келишет. Мындай факт, дин көз карашынын Кыргызстандыктардын жашоосуна басымын күчөгөнүн билдирип, өзүн ислам дининен сырткары эсептеген жарандардын тынчсыздануусун пайда кылат.   Бирок, мындай бүтүм чыгаруу чындыкка дал келеби?

Акыркы кездерде дин темасы Кыргызстандын маалымат айдыңында көп көтөрүлүп, соц.тармактардын колдонуучуларынын айыгышкан талкуусуна алып келүүдө. Мындай учурларда, талкууга катышкандар сөзсүз түрдө бири-бирине күнөө коюуп жеке чырлашууга жетип, ансызда оор абалды биротоло курчутуп жиберишүүдө.

Ошону менен бирге эле, мамлекеттик мекемелер мамлекет өз киндигин кесип, эгемендигин алгандан бери, өлкөдө мечиттин саны абыдан эле көбөйгөнүн кабарлап келишет. Жума намаз учурунда шаарлардын көчөлөрүн авто-тыгын каптап, унаа токтотуучу жайдын жетишсиздиги абалды мышык ыйлаган ахыбалга алып келет.

Ал эми, жылда бир канча ирээт шаарлардын борбордук аянттарында Айт намазын окуу үчүн миңдеген адамдар чогулса, ажылыкка баруу тизмесинде болсо дайыма узун кезек күткөндөр өксүп калбайт. Ажылыкка баруу  бир канча миң долларды сарп кылаары белгилүү болсо да, меккеге барып өз милдетин аткарып келүүчүлөрдүн саны аз эмес.

Жогоруда айтылган себептер, дин көз карашынын Кыргызстандыктардын жашоосуна басымын күчөгөнүн билдирип, өзүн ислам дининен сырткары эсептеген жарандардын тынчсыздануусун пайда кылат.   Кыргызстанда диний изилдөөлөр өтө аз болгондугун эске алганда, мындай бүтүм чыгаруу чындыкка дал келеби?  Дин кызматкерлери кайсы булактарга таянып ушундай чечимге келип жатышкандары белгисиз. Демек, «Кыргызстан – мусулмандардын өлкөсү» деген бүтүм чыгаруу жалпак тил менен айтканда – талаштуу.

Депутат: өкмөт балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү үчүн эч нерсе кылган жок

16.01.2020

Казакстан Кыргызстандан жалган транзит менен күрөшүүгө даяр

22.12.2019

Кыргызстандык эксперттер КМШ өлкөлөрүндөгү кесиптештери менен биргеликте Шериктештиктин жаңы университетин түзүү маселесин талкуулашат

15.12.2019

Депутат президенттин сөзүнө нааразы болду

08.12.2019

Себеби, өлкөдөгө динге берилген инсандардын саны жана алардын канчалык денгээлде динге берилгендигин эсеби жокке эсе: Кыргызстандын дин багытында мындай суроолорго чекит кое турган, так сан жок. Жарандардын канчасы канча жолу, кайсы убакта мечиттерге бараарын, кайсыл жамаатка кирээрин, кайсыл жамаат көбүрөөк калкка таасир этээрин тактап чыккан илимий изилдөөлөр дагы жок.

Бул багытта иш алып барган эксперттер,  мындай иштерди каржылоо аздыгын жана так маалыматтардын жоктугунан улам ушундай кырдаал түзүлгөнүн айтышат.

Коомчулук бул маселе боюнча, акыркы жылдары Кыргызстанда мечиттердин саны 70 эсе көбөйгөнүн гана билишет.

Бирок, мусулман деген ким? Кыргыздар менен мусулмандардын кандай байланышы бар?

Көпчүлүк өзүн мусулман катары эсептеген жарандар, ар кандай диний чакырыктарды жөн эле кабыл ала коюшпайт.

Мисалы, буга чейинки мезгилдерде эл салттуу эмес ислам динин карманып келишкен. Азыркы кезде да, көпчүлүк кыргыздар араб тилинде сүрөө окуганы менен, бата жасап, «арбактардан» үй-бүлөсүн сактоону жана туура жолду көргөзүүнү суранышат. А мындай көрүнүш Ислам дининде таптакыр туура эмес.

Ислам маданияты менен Кыргыздардын маданиятынын ортосунда көптөгөн карама-каршылыктар бар. Бирок, ал карама-каршылыктар ислам динин жаңы агымдары, жаңы көз караштары келгенге чейин, өтө деле байкалчу эмес.

Азыркы ишеним боюнча, мусулман – бул Исламдын бардык устунун колдогон, беш убак намаз окуган, алкоголдук ичимдиктерди жана башка дин тыюу салган буюмдарды колдонбогон инсан. Анткен менен, коомчулукта мусулмандардын эки «чыныгы» жана «мезгилдүү» түрү бар. Бири «мезгилдүү» же болбосо «тийди-качты» мусулман – бул Исламды колдойт, намазды анда-санда окуйт, жума намазга кээде гана барат, орозону дайыма кармабайт жана алкоголдук ичимдиктерди колдоно берет.

Көбүнчө, жөнөкөй кишилер өздөрүн жөн гана жалгызыдыгынан, дүйнөдөгү чоң иш-чаранын бөлүгү болгусу келгендиктен гана өзүн мусулмандарга кошуп коет дагы, диний иш-чаралардын бардыгына эле бара беришпейт.  Коомчулукта мусулман менен кыргыз деген түшүнүк бирдей – деп эсептегендер да бар. Тактап айтканда, төрөлгөндө эле кыргыздар мусулман болуп төрөлөт деген түшүнүк.  Бул түшүнүктү бузуп чыксаң, коомдо статусуң түшүп, до, тууган, тааныштарыңдан четтеп калышың ыктымал.

Жогоруда кеп кылынгандай, илимий так изилдөөлөрдүн жоктугуна байланыштуу биз – «Кыргызстан мусулмандардын өлкөсү», деп так кесе айта албайбыз. Бирок, так ушул ишенимди колдонуп, ар кандай диний экстремистик уюмдар, карапайым калктын башын айландырып, өз максатына жараша колдонуп алаары белгилүү.

 

Белгилер: динИсламКыргызстанмусулманой пикирсаны
Мурунку пост

Иса Өмүркулов партиядан чыгарылды

Кийинки пост

Жоолук салынбаганы үчүн күйөсүнөн кордук көргөн келин, өз өмүрүнө кол салып уксус ичип алган

Кийинки пост

Жоолук салынбаганы үчүн күйөсүнөн кордук көргөн келин, өз өмүрүнө кол салып уксус ичип алган

Subscribe
Notify of
guest
guest
0 Comments
Inline Feedbacks
View all comments

Жаңылыктар лентасы

Жаңылыктар

ПРООН чек арачыларга компьютер жабдууларын тапшырды

31.01.2020
Жаңылыктар

Россиянын премьер-министри: биздин өлкө союздаштарга өзүнүн технологиясын берүүгө даяр

31.01.2020
Жаңылыктар

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкүлдөрү биримдиктин ишмердүүлүгүн жана келечегин талкуулашты

31.01.2020
Жаңылыктар

ЕЭК Коллегиясынын башчысы: ЕАЭБ өлкөлөрү санариптик эгемендүүлүктү коргоо боюнча маселелерди бирге чечүүлөрү керек

31.01.2020
Жаңылыктар

Кыргызстандын ТИМде Ухань шаарынан Кыргызстандыктарды алып чыгуу варианттары каралууда

31.01.2020
Жаңылыктар

ЖККУ жана КМШ терроризмге каршы күрөшүү боюнча кызматташтыкты бекемдөөдө

31.01.2020
Жаңылыктар

Президент Генштабдын башчысы менен Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүн бекемдөө боюнча чараларды талкуулады

31.01.2020
Жаңылыктар

Жогорку Кеңеште дагы Кыргызстандын өкмөтүн таркатууну сунуштады

31.01.2020
Жаңылыктар

Манас аэропорту тышкы башкарууга берилет

30.01.2020
Жаңылыктар

Комерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн жолугушуусун белгисиз адамдар токтотууга аракет кылышкан

30.01.2020
Жаңылыктар

Премьер-министр эртең ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү кесиптештер менен жолугушат

30.01.2020
Дагы жүктөө
  • Setup menu at Appearance » Menus and assign menu to Footer Navigation
No Result
View All Result

wpDiscuz
0
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x
| Reply