Бүгүн, 78 жашында Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын негиздөөчүсү жана биринчи директору Таштанбек Жумакеев каза болду. Бул тууралуу социалдык тармакта анын кызы билдирди.
“Менин атам каза болду. Жумакеев Таштанбек Жумакеевич, 1941-жылы туулган. Эмгек Кызыл Туу орденинин кавалери. СССР КГБ Полковниги”, – деп жазат ал.
Таштанбек Жумакеев 15-августта 1941-жыл туулган. Ал Киров балдар үйүнүн тарбиялануучусу болгон. Кыргыз политехникалык институтунда окуган. 1970-жылдан СССР КГБ органдарында иштеген. Дал ушул адам Кыргызстандын Бажы кызматынын негиздөөчүлөрүнүн бири болгон. 1991-жылдан 1993-жылга чейин КР бажы кызматында иштеген.
Көзү тирүү кезинде, ал СССРдин Эмгек Кызыл Туу ордени жана башка көптөгөн мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган.
Коштошуу Люксембург айылында эртең өтөт.