Кыргызстандын ишкерлери Москвада өтө турган инвестициялык роуд-шоу аркылуу Россия Федерациясынан өнөктөрдүн чөйрөсүн кеңейе алышат. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы билдирди.
Басма сөз кызматы билдиргендей, форум Россия менен Кыргызстандын кайчылаш жыл алкагында өтөт.
Форумдун жүрүшүндө ишкерлер Россия Федерациясынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө билип, инвесторлорго жана алардын Кыргызстандын аймагында мындан ары ишке ашыруу үчүн сунушталган пайдалуу шарттар жөнүндө айтып бере алышат.
«Аянтча кыргыз жана Россия ишкерлери ортосундагы диалог, ошондой эле бизнести өнүктүрүүгө тийиштүү маанилүү маселелерди талкуулоо үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачат», — деп айтылат билдирүүдө.