No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
Суббота, 15.11.2025
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
No Result
View All Result
Home Без рубрики

Кыргызстандын президенти билим берүү министрин кабыл алды

29.10.2019

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков билим берүү жана илим министри Каныбек Исаковду кабыл алды. Бул туурасында президенттин басма сөз бөлүмүнөн билдиришти.

Жолугушуу учурунда мамлекет башчысы билим берүү тармагы өлкөнүн өнүгүү процессинде маанилүү орунду ээлей турганын эске салды.

Жолугушууда билим берүүнүн сапатын эл аралык стандарттарга ылайык жакшыртуу, мектептерди сапаттуу окуу китептери менен камсыз кылуу, курулушу бүтө элек жана авариялык мектептердин абалы, билим берүү объектилеринин жетишсиздиги сыяктуу көйгөйлөргө көңүл бурулду.

Билим берүү тармагында санариптештирүү процессин тездетүү, кесиптик-техникалык билим берүү системасын өнүктүрүү жана башка маселелер талкууланды.

Исаков билим берүү тармагын өнүктүрүү жана көйгөйлөрдү чечүү боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралар тууралуу маалымат берди.

«Өлкө боюнча мектептердин электрондук картасы жана Билим берүү башкармалыктарынын бирдиктүү базасы түзүлүүдө. Бул өлкөдөгү жалпы мектептер тууралуу маалыматтарды ыкчам алууга, кырдаалды анализдөөгө мүмкүнчүлүк түзөт», — деп белгиледи ал.

Министр белгилегендей, билим берүү тармагын санариптештирүү процесси улантылат. Билим берүү уюмдарына лицензияны электрондук жол менен берүү башталып, мектептерди интернетке кошуу иштери ыкчамдайт.

«Мектепке чейинки билим берүү тармагында өсүү тенденциясы бар, бала бакчалар көбөйүүдө. Мамлекеттик жеке өнөктөштүктү колдонуу менен мектепке чейинки билим берүү мекемелерин көбөйтүүнү максат кылуудабыз. Бүгүнкү күндө балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтуу 40% түзөт, аны 2023-жылга чейин 80% жеткирүү пландалууда», — деп белгиледи Каныбек Исаков.

Министр маалымдагандай, жогорку окуу жайларды эл аралык талаптарга ылайыктоо багытында стимулдаштыруу иштери күчөтүлөт. 2024-жылга чейин Кыргызстандын жогорку окуу жайларын эл аралык рейтингге алып чыгуу пландалууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Лента новостей

Аналитика

В Кыргызстане стартовала активная фаза кампании к досрочным выборам Жогорку Кенеша

14.11.2025
Новости

Отказ Армении от ЕАЭС ухудшит экономику страны – Бабуханян

14.11.2025
Безопасность

ФСБ: Украина готовила покушение на российского чиновника с помощью взрывного устройства в вазе

14.11.2025
Новости

BBC извинилась перед Трампом, но отказалась платить компенсацию

14.11.2025
Безопасность

Зеленский сообщил о требованиях союзников усилить мобилизацию в Украине

14.11.2025
Кыргызстан

Тело младенца нашли в контейнере: в Комсомольском арестована 23-летняя мать

14.11.2025
Кыргызстан

Мэр Оша организовал ночные рейды по кафе из-за нарушений режима тишины

14.11.2025
Новости

Мерц требует от Зеленского остановить поток украинских мигрантов в Германию

14.11.2025
Кыргызстан

Жапаров обещает 8 млрд сомов Таласу в 2026 году

14.11.2025
Кыргызстан

ЕАЭС усиливает защиту прав потребителей – Татарицкий

14.11.2025
Безопасность

Генштаб КР не выявил фактов дедовщины за 2024–2025 годы – Отонбаев

14.11.2025
Load More
  • Главная
  • Новости
  • Аналитика
  • В мире
No Result
View All Result
  • Кыргызстан
    • Общество
    • Политика
    • Безопасность
    • Экономика
    • Коррупция
    • Культура
    • Политика
    • Украина
  • В мире