No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
Пятница, 17.07.2026
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
No Result
View All Result
Home Без рубрики

Малашенко: Кыргызстанда чоң өзгөрүү байкала элек

Москвадагы «Цивилизациялар диалогу» институнун илимий изилдөөлөр боюнча жетекчиси, саясат таануучу Алексей Малашенко Кыргызстандагы соңку бир жылдагы өзгөрүүлөр тууралуу «Азаттыкка» кыскача ой бөлүштү.

«Азаттык»: Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка киришкенине бир жылга чукулдап баратат. Бул мөөнөт ичинде Кыргызстанда саясий-экономикалык чөйрөдө кандай өзгөрүүлөр болду? Жылыш байкалдыбы?

Алексей Малашенко: Азырынча эч нерсе өзгөрө элек. Коррупцияга каршы күрөш сыяктуу кадимки процесстер жүрүп жатат. Салыштырмалуу туруктуулук камсыз кылынды. Президент Сооронбай Жээнбеков бир нерсе кылганга аракет кылып жатат. Бирок сапаттуу өзгөрүүлөрдү көрө элекмин.

Алар азырынча өз ара алакаларын тактап, парламенттик шайлоого камданып жатышат. Мага азырынча ал саясий атаандаштарынан бир аз чоочулап тургандай сезилип жатат. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев деле азырынча өзүн тынч алып жүрөт. Анын деле кандайдыр бир таасири жок сыяктуу.

Азыр алар коррупция менен алек болуп жатышат. Кытайдын инвестициясы сыяктуу каражаттардын ыксыз сарпталышы боюнча чоң маселелер болуп жатат. Ал эми кандайдыр бир кырдаалды жакшыртуу аракеттери азырынча байкала элек.

​«Азаттык»: Айрым эксперттер соңку бир жылда сот системасын реформалоодо же экономика тармагында жылыштар болбогонун айтып жатышат. Президенти бул тармактардагы абал ойлондурушу керекпи?

Алексей Малашенко: Ал ойлонуп жатат. Жаңыдан гана иштей баштады. Бул Кыргызстан да. Ар кыл кызыкчылыктар, кландар бар. Бир нерсе кылгандай болуп жатат. Бирок жылыш болгонун же болбогонун так айтуу үчүн убакыт керек. Жок дегенде бир жылдан көбүрөөк убакыт зарыл. Бир жылда эч нерсени өзгөртө албайсың.

Чындыгында ким бийликте болбосун, бул өлкөдө соңку 15 жылда деле өтө олуттуу өзгөрүү болуп кете элек. Оңой эмес. Бул – экономикасы татаал, ири мамлекеттик карызы бар өлкө. Азыр сөз кылуу эртерээк.

Оптимисттик көз карашты да айтайын. Мындан жаман да болушу мүмкүн эле. Саясий туруктуулуктун болгонунун өзү деле жакшы. Кандайдыр бир улут аралык араздашуулар же исламчыл оппозиция жок. Бул жагынан алар азаматтар. Ал эми экономика бул оор маселе.

“Азаттык”: Жээнбеков бийликке келгенден коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүгө убада берип, соңку бир жылда чоң камоолор болду. Муну коррупцияга каршы күрөштүн жыйынтыгы катары кароого болобу?

​Алексей Малашенко: Көптөгөн камоолор болду. Алар улана берет. Бирок коррупцияга каршы күрөшүү – бул бир маселе. Ал эми реформаларды ишке ашыруу - башка маселе. Экөө эки башка нерсе. Биринчиси жазалоо болсо, экинчиси жаңы нерсени түзүү дегенди билдирет. Бүтүндөй чөлкөмдө боло келгендей эле, Кыргызстанда реформа кылуу кыйын.

“Азаттык”: Сиз ошондой реформалардын жышаанын көрө алдыңызбы?

Алексей Малашенко: Белгилер көп. Бирок аны ишке ашырыш керек. Бул сыяктуу өлкөлөрдөгү бардык реформалар туруктуулук маселесине барып такалат. Бизде деле ошондой.

Саясий эрк бар. Бирок ал үчүн тобокелчиликтерге баруу керек. Реформа жүргүзүлө баштаганда сөзсүз кимдир бирөөлөр жабыркайт. Мында адаттан тыш эч нерсе жок. Реформадан коркушат.

​“Азаттык”: Соңку бир жыл Сооронбай Жээнбеков менен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ортосундагы мамиле начарлаганы жана мурдагы бийликтин тушунда дайындалган бир катар кызмат адамдарынын иштен кетиши менен да эсте калды. Азыркы жана мурдагы президенттердин ортосундагы пикир келишпестик кайсы этапта? Токтоду деп айтса болобу?

Алексей Малашенко: Менимче, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев күрөшөйүн деп деле ойлогон жок. Андыктан андан кандайдыр бир атаандаш тарапты издебейт болчумун. Ал кырдаалды жакшы баамдап турган адам. Албетте, алардын ортосунда түшүнбөстүктөр болду. Бирок экөөнүн ортосунда чоң жаңжал болот деп ойлобойм. Себеби экөө тең бири-бирин жакшы билишет.

 

Tags: аналитикабийликКыргызстанонугуупикирСооронбай Жээнбеков

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Лента новостей

Новости

Секретная служба США недовольна использованием Вэнсом военных вертолетов

16.07.2026
Кыргызстан

Минюст Кыргызстана предложил компенсировать ущерб за незаконные действия госорганов

16.07.2026
Безопасность

Пентагон рассматривает варианты военной операции против Кубы

16.07.2026
Кыргызстан

Предпринимателя в Кыргызстане оштрафовали за продажу кофе без акцизной марки

16.07.2026
Кыргызстан

Дарье Масловой отказали в должности тренера сборной Кыргызстана

16.07.2026
Безопасность

Главный инженер Запорожской АЭС погиб при атаке беспилотника

16.07.2026
Кыргызстан

Кыргызстан и «ВТБ Медицина» подписали меморандум о сотрудничестве

16.07.2026
Безопасность

Два человека погибли в ДТП на трассе Бишкек - Ош

16.07.2026
Кыргызстан

В Кыргызстане открыли мемориальный комплекс «Аллея славы»

16.07.2026
Аналитика

Саммит НАТО показал глубокий кризис единства внутри западного блока

15.07.2026
Кыргызстан

На Иссык-Куле открылся оздоровительный комплекс «Кыргызалтын Резорт»

15.07.2026
Load More
  • Главная
  • Новости
  • Аналитика
  • В мире
No Result
View All Result
  • Кыргызстан
    • Общество
    • Политика
    • Безопасность
    • Экономика
    • Коррупция
    • Культура
    • Политика
    • Украина
  • В мире