Москва-Ош каттамы боюнча Орусиянын “Аэрофлот” компаниясынын учактары уча баштады. Бул тууралуу “Манас” аэропортунан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, каттам боюнча алгачкы учак кече Ош аэропортуна конду. 120 адамды камтыган “Boeing 737” үлгүсүндөгү учак учуп келген. Учакка Чыңгыз Айтматовдун ысымы берилген.
Кыргызстандын Жарандык авиациясы жана Россиянын жарандык авиация тармагындагы мамлекеттик саясат департаментинин ортосунда бир жыл мурда келишим түзүлгөн.