Дарыгерлердин айтымында, бул адамзат үчүн коркунучтуу жаңылык. АКШ, Европа, Австралия жана Жаңы Зеландияда эркектердин уругун текшерүү үчүн алып, натыйжада уруктун кыймылы 40 жылдын ичинде 50 пайызга төмөндөп кеткени байкалган.
Илимпоздордун айтымында, Батышта тукумсуздук жылына эки пайызга жогорулоодо. АКШнын репродуктивдүү медицина борбору адамдын жашоо образынан улам кризис пайда болду дейт. Европада тукумсуздукка кабылып, дарыланган эркектер жыл сайын көбөйүүдө.
Аз кыймыл жана кошумча салмак эркектин спермасынын сапатын начарлатат. Ошондой эле уруктун начарлашына тамеки тартуу, стресс жана булганыч аба таасир этет.
Тукумсуздук көйгөйү Кыргызстанда кандай?
Батыш өлкөлөрүндө эле эмес, Кыргызстанда дагы эркектер арасында тукумсуздук көбөйүүдө. Он беш жыл мурда мындай дартка кабылдым деп, эркектердин 20 пайызы гана кайрылса, азыр бул көрүнуш таптакыр өзгөргөн.
“Кыргызстанда эркектердин простатит оорусу тездик менен өсүп жатат, жыныстык оорулардын жайылуу коркунучу дагы деле жогору. Тукумсуздук дартына чалдыккан эркектер көп келет. Анализдеп келгенде, 30-40% спермограммалардын сапаты төмөн экени байкалат”,-дейт Кыргызстандын башкы урологу Акылбек Усупбаев
Бел кубатынын төмөндөп, тукумсуздукка алып келген факторлор: алкоголдук ичимдиктер, тамеки тартуу, антидепрессант, гормон сыяктуу дары-дармектерди көп колдонуу, жыныстык жол менен жуга турчу инфекциялар, WiFi зонасында көп отуруу, эртеден кечке такай жылбай отуруп иштөө.
Тукумсуздуктун кантип алдын алуу керек?
Спорт жана туура тамактануу уруктун сапатын жогорулатат. ТВны азыраак көрсөңүз, бул да пайдалуу. Себеби сиз диванда азыраак отурасыз. Жогоруда айтылгандарды эске алып, өзгөчө кеч үй-бүлө кургандар бел суусунун сапатына көбүрөөк маани берүүсү керек.