Америкалык жана Чехиялык жоокерлер 19 жаштагы Чехиялык аскерлерге ок аткандыгы үчүн күнөөлөнүп жаткан афгандык атайын кызматтагы жоокерди тепкилеп өлтүрүп коюу боюнча айыпталып жатышат. Бул тууралуу The New York Times жазат.
22-октября афгандык атайын бөлүктөгү (спецназ) жоокер Вахидулла Хан (Wahidullah Khan) Герат провинциясындагы Шинданд авиабазасында чехиялык аскерлерге кол салган. Ал бир чехти атып өлтүрүп, экөөсүн жарадар кылган. Андан кийин аны колго түшүрүшкөн. Алгач Хан оогандык аскерлердин колуна түшкөн. Андан кийин америкалыктарга өткөрүлүп берилген. Америкалыктар чехиялыктар менен бирге тергөө иштерин жүргүзүшкөн. Бир аз убакыттан кийин НАТОнун жоокерлери Ханды оогандыктарга өткөрүп берген. Токмок жеп, денеси көк ала болгон Хан көп өтпөй каза болуп калган.
«Биз анын сөөгүн кепиндеп көмөлү деп жууган кезде, анын денесинен көптөгөн токмоктун тактарын көрдүк, бирок, ок тийген эмес», — деп билдирген Хандын атасы Сайид Рахман(Sayd Rahman). Анын айтуусу боюнча, уулу 13 айдан ашык оогандын элиталык кызматында кызмат өтөгөн. Ал эми Герат профинциясынын кеңешинин төрагасы Вакиль Ахмад Карохи «Бизге белгилүү болгондой бул жоокер кыйноолордун айынан каза болгон. Аны оогандыктарга өткөрүп бергиче катуу тепкилеп сабашкан».
Оогандагы Америкалык контингенттин пресс-секретары полковник Дэйв Батлер (Dave Butler), америкалык аскерлерге карата бул боюнча тергөө жүргүзүлөт. «Тыкыр тергөө жүргүзүлүп, чындап эле күнөөлөрү аныкталса, ал жоокерлерге карата жаза колдонулат».
Ал эми Чехиянын коргоо Министрлиги болсо, чехиялык жоокерлерде күнөө жок экендигин айтып, бардык айыптоолорду четке каккан. Коргоо министрлигинин өкүлү Ян Пейсек (Jan Pejsek), ведомстводо «Бардык айыптоолорду четке какты». «Бул иш боюнча, тергөө жүрүп жатат, бардык тараптар бирге карап жатышат. Ким күнөөлү болсо баары жоопко тартылат», — деди Пейсек.
Ооганстанда Чехиялык контингент 250 жоокерди түзөт. Ушул жылдын август айында үч чех жоокери өлкөнүн чыгышында, согушчандын кол салуусу менен каза болушкан. Жалпысынан Ооганстанда НАТОнун 16 миң аскери бар, алардын 14 миңи АКШнын аскерий күчтөрүнөн куралган.