Орусия Сириянын Алеппо шаарына химик адистерин жөнөттү. Бул тууралуу жекшемби күнү Орусиянын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Игорь Конашенков билдирди.
Аскер кызматкерлери жергиликтүү мамлекеттик телеканалдар аркылуу бул шаарда ууландыруучу снаряддар атылып, адамдар жабыркаганы тууралуу маалымат тараганына байланыштуу жөнөтүлдү.
“Сирияда жайгашкан байкоочу бекеттердин радиациялык, химиялык жана биологиялык коргонуу жаатында адистешкен кызматкерлери атайын жабдыктары менен окуя болгон жерге дароо жетип барышты. Алар ооруканада жаткандар менен иштеп жатышат. Согушкерлер уу зат колдонгон аймакта мониторинг жүрүүдө”, – деди Конашенков.
Анын айтымында, Алеппонун жай тургундар жашаган кварталдарына хлор толтурулган снаряддар атылган болушу мүмкүн.
Москва Сириядагы жаңжалга 2015-жылдын 30-сентябрында расмий аралаша баштаган. Орус бийлиги Дамаск терроризмге каршы күрөштө жардам берүүнү суранганын айткан. Бирок Батыш жана сириялык оппозиция Кремлдин чыныгы максаты Асадга каршы багытталган куралдуу козголоңду басуу болгонун белгилеп келатышат.
Азаттык