Ош облусунда бүгүн, 240 миң сомдук контрабандалык сигарет кармалган. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, МПТТ «Достук» бажы кызматкерлери, «ДЭУ Калос» авто унаасын текшерген, рулда Кыргызстандын жараны болгон.
Германияда жасалган, аксиздик маркасы жок 4000 даана сигареттер табылган. Айдоочу ЕАЭСке ташууга эч кандай уруксат документтерди көрсөтө алган эмес.
Материалдар Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилген , тергөө иштери башталды.
Сүрөт: en.publika.nd