Россиянын тышкы иштер башкармалыгын өкүлү Мария Захарова Интерполдун президенттигине болуп өткөн шайлоого терс пикирин айтып өттү.
Анын айтымында, Вашингтон Россия тарабынан президенттикке сунуш кылынган талапкер Александр Прокопчук шайланбашы үчүн болгон күч-аракетин жумшаган. Вашингтон тарабынан шайлоодогу мындай амалдуу көрүнүштөр эл аралык аброюу бар Интерполго жат көрүнүш. Кандай болгон күндө дагы Александр Прокопчукту колдогон башка мамлекеттин өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирген.
Белгилей кетсек, Интерполдун президенттигине талапкер Александр Прокопчук 2011-жылдан бери Россиянын Ички Иштер башкармалыгынын Интерполдун Улуттук борбордук бюросу башчысы, 2016-жылдан баштап Эл аралык кылмыш изилдөө уюмунун вице-президенти кызматын аркалаган.
Эскерте кетсек, кечээ 21-ноябрда Дубайда Интерпол өзүнүн жаңы президентин Түштүк Кореянын өкүлү Ким Жон Янды шайлап алды.
Назар нюсь