No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
Четверг, 16.07.2026
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
No Result
View All Result
Home Без рубрики

«РусГидро» Кыргызстанды Гаага сотуна бергени маалым болду. Кыргыз тарап ага макул эместигин 2019-жылдын 15-апрелине чейин билдире алат

Буга чейин «РусГидро» Кыргызстанды Гаага сотуна бергени маалым болгон. Эми кыргыз тарап ага макул эместигин 2019-жылдын 15-апрелине чейин билдире алары айтылды.

Россиялык «РусГидро» компаниясы Кыргызстан 2019-жылдын 15-апрелине чейин Гаага сотуна берилген доо арызга каршылыгын билдире аларын жар салды. Бул тууралуу маалымат аталган компаниянын сайтынажайгаштырылды.

Буга чейин «РусГидро» Кыргызстанды Гаага сотуна берген болчу.

«Арбитраждык териштирүү иштери башталганы боюнча Бишкек расмий маалымат ала элек деген билдирүүлөр чындыкка коошпойт. Арбитраж тууралуу 2018-жылдын 15-январында президентке, премьер-министрге, Экономика министрлигине, Тышкы иштер министрлигине, Мамлекеттик өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетине, Юстиция министрлиги менен өкмөттүн алдындагы сот өкүлчүлүгү борборуна кабарланган», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле билдирмеде 2018-жылдын ичинде Кыргызстандын өкүлдөрүнүн активдүү катышуусу менен арбитраждык соттун курамы аныкталып, арбитраждык териштирүүнүн графиги түзүлгөнү белгиленген. 2018-жылдын 25-сентябрында процессуалдык буйрук менен бекитилген графикке жараша «РусГидро» 31-октябрда Гаага сотуна арызын берген. Ал эми кыргыз тарап 2019-жылдын 15-апрелине чейин берилген доо арызга каршылык көрсөтө алары айтылды.

Mega­Com компаниясынын мурдагы жетекчиси айына 12 миң доллар айлык алып турган

Эске салсак, Жогорку Нарын каскадына ГЭС куруу аракеттери Кыргызстан менен Россиянын 2012-жылдын 20-сентябрында кол коюлган келишимдин негизинде башталган. Курула турчу төрт гидроэлектростанциянын кубаттуулугу 327 мегаватты түзмөк. Бирок 2015-жылдын аягында Кыргызстан келишимди жокко чыгарып, жаңы инвестор кароо керектигин Атамбаев жыл жыйынтыгы боюнча берген маалымат жыйынында билдирген. Келишимди жокко чыгаруу боюнча мыйзамга өлкө башчысы 2016-жылдын 22-январында кол койгон, ал эми 9-августтан тарта келишим күчүн жоготкон.Кыргыз өкмөтү 2017-жылдын 10-июлунда Чехиянын Liglass Trad­ing CZ, SRO компаниясы менен Жогорку Нарын каскадын жана чакан ГЭСтерди куруу боюнча келишим түзгөн. Аталган компания Кыргызстандын «РусГидрого» карыз болгон 37 миллион долларды төлөө милдетин алган. Бирок кийинчерээк ал компания төлөй албай калганы маалым болуп, келишим жокко чыгарылган.

Белгилей кетсек, буга чейин «РусГидро» Кыргызстанды Гаага сотуна берүүгө камынып жатканы кабарланган.

Tags: Гаага сотуКыргызстанРусгидро

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Лента новостей

Аналитика

Саммит НАТО показал глубокий кризис единства внутри западного блока

15.07.2026
Кыргызстан

На Иссык-Куле открылся оздоровительный комплекс «Кыргызалтын Резорт»

15.07.2026
Кыргызстан

Нацбанк Кыргызстана установил рекорд по продаже долларов с начала года

15.07.2026
Новости

Президент Ирана заявил о готовности снять преграды для совместных проектов с Россией

15.07.2026
Кыргызстан

Old Bishkek прокомментировал приостановку работы торговых точек в подземном переходе

15.07.2026
Кыргызстан

В Джалал-Абадской области подросток выжил после удара молнии

15.07.2026
Кыргызстан

Нацбанк Кыргызстана продал на валютном рынке 186,4 млн долларов

15.07.2026
Кыргызстан

Оползень в ущелье Аю-Тор отрезал туристов и местных жителей от дороги

15.07.2026
Новости

В США предложили снизить максимальные пошлины против покупателей российской нефти

15.07.2026
Carpfishing session at the Lake.Large carp fish being released back into the lake water after being caught.Fishing adventures.Catch and release sport fish
Кыргызстан

В Кыргызстане депортировали граждан Китая за незаконную рыбалку с использованием электричества

15.07.2026
Кыргызстан

В Кыргызстане предложили передавать госземли инвесторам

15.07.2026
Load More
  • Главная
  • Новости
  • Аналитика
  • В мире
No Result
View All Result
  • Кыргызстан
    • Общество
    • Политика
    • Безопасность
    • Экономика
    • Коррупция
    • Культура
    • Политика
    • Украина
  • В мире