2019-жылдын 1-январынан баштап, тартип бузуу боюнча жаңы кодекс күчүнө кирди. Анда айтылгандай, тамеки тартуу, кальян, жана башка тамекисиз кошулмаларга катуу тыюу салынат.
*билим берүү мекемелеринин аймагында
* Эс алуу паркынын жанында, ал жерде кичинекей балдар бар болсо.
* Айрым саламаттык сактоо уюмдарынын жаны.
*өрт коркунучу бар жайларда
* Маданий билим берүү жеринде, (театр,-зоок, спорттук стадиондор) жерлердин аймагында;
*китепкананын жанында.
*коомдук транспорттун ичинде, такси.
*кеменин ичинде
* Автовокзалда, аэропорт, темир жолдорунда;
* Көп сандаган киши бар аймактарда.
Тамеки чегүү үчүн атайын бөлүнгөн жерлерде гана жол берилет. Жогоруда көрсөтүлгөндөй 5000сом юридикалык жактар үчүн, 1000 сом жеке жактар үчүн. Ошондой эле мыйзамсыз жабдуулар үчүн 3000 сом жеке адамдарга, 13000 сом юридикалык жактарга акчалай айып салынышы мүмкүн.
Сүрөт: menslife.com