No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
Шейшемби, 01.07.2025
  • Setup menu at Appearance » Menus and assign menu to Main Navigation
  • Setup menu at Appearance » Menus and assign menu to Main Navigation
No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
No Result
View All Result
Башкы бет Коопсуздук

ТИМ Кытайдагы кыргыздар тууралуу маалыматтарды тактоо иштерин улантууда

06.12.2018
Коопсуздук

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Кытайдагы кыргыздар тууралуу маалыматты азырынча тактай элек. Мекеменин басма сөз катчысы Улан Дыйканбаев «Азаттыкка» билдиргендей, расмий булактар аркылуу тактоо иштери уланууда.

Өткөн аптада Кытайдагы жакындарын издеген жарандар президент Сооронбай Жээнбековго кайрылышкан. Кийинчерээк Кыргызстанда “Кытайдагы кыргыздарды колдоо” комитети түзүлүп, бул маселени бийликке, коомчулукка жеткирүү максатында жыйын уюштурулган. Бийлик алардын кайрылуусуна жооп кайтара элек. Тышкы иштер министрлиги кытайлык кыргыздар тууралуу маалыматтарды тактоого киришкенин билдирген.

5-декабрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Бишкектеги кеңсесинин алдында Кытайдагы “кайра тарбиялоочу лагерге” түшкөн кыргыз, казак жана башка улуттардын абалына көңүл бурууга чакырган акция өттү. Анын катышуучулары Кытайдагы кыргыз, казак, уйгур улуттарынын айрым өкүлдөрүнө кысым болуп жатканын айтып, БУУ баштаган эл аралык коомчулукту буга көңүл бурууга чакырды.

Кытайдын Шинжаң аймагында миңдеген адамдар “саясий тарбия берүүчү лагерлерде” кармалып жатканы тууралуу кабарлар 2016-жылдан бери чыга баштаган. Куугунтукка кабылып жаткандар андай жайларды “түрмө” деп атаса, Кытайдын өкүлдөрү жарандарды кесипке үйрөтүүчү кадыресе “борборлор” катары сыпаттап келет. Буга чейин БУУ мындай лагерлерде бир миллионго чейин адам отурганын тастыктаган ишенимдүү булактар бар экенин билдирген. Ал эми кармалган кыргыздар тууралуу маалыматтар акыркы айларда көп чыгып жатат. “Кытайдагы кыргыздарды колдоо” комитетинин маалыматына караганда, Шинжаңда расмий Бээжин “саясий тарбиялоочу лагерь” деп атаган жайларда 50 миңдей кыргыз отурат.

ЖККУ жана КМШ терроризмге каршы күрөшүү боюнча кызматташтыкты бекемдөөдө

31.01.2020

Кыргызстандын чиновниктерин Коопсуздук Кеңешинин чечимин аткарбагандыгы үчүн жазаланат

24.01.2020

ИИМ башчысы катарлык кесиптеши менен укук коргоо органдарынын ортосундагы өнөктөштүк маселелерин талкуулашты

24.01.2020

Кыргызстандын ТИМдин жетекчиси кыргызстан-тажикстан чек арасындагы кырдаал жөнүндө маалымат берди

23.01.2020
Белгилер: БишкекЖогорку КенешкоопсуздукКытайТИМ
Мурунку пост

Жээнбеков Орусияда Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына катышат

Кийинки пост

«Эми ракета жасайбыз»: Россия Американын шартына жооп берди

Кийинки пост

«Эми ракета жасайбыз»: Россия Американын шартына жооп берди

Subscribe
Notify of
guest
guest
0 Comments
Inline Feedbacks
View all comments

Жаңылыктар лентасы

Жаңылыктар

ПРООН чек арачыларга компьютер жабдууларын тапшырды

31.01.2020
Жаңылыктар

Россиянын премьер-министри: биздин өлкө союздаштарга өзүнүн технологиясын берүүгө даяр

31.01.2020
Жаңылыктар

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкүлдөрү биримдиктин ишмердүүлүгүн жана келечегин талкуулашты

31.01.2020
Жаңылыктар

ЕЭК Коллегиясынын башчысы: ЕАЭБ өлкөлөрү санариптик эгемендүүлүктү коргоо боюнча маселелерди бирге чечүүлөрү керек

31.01.2020
Жаңылыктар

Кыргызстандын ТИМде Ухань шаарынан Кыргызстандыктарды алып чыгуу варианттары каралууда

31.01.2020
Жаңылыктар

ЖККУ жана КМШ терроризмге каршы күрөшүү боюнча кызматташтыкты бекемдөөдө

31.01.2020
Жаңылыктар

Президент Генштабдын башчысы менен Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүн бекемдөө боюнча чараларды талкуулады

31.01.2020
Жаңылыктар

Жогорку Кеңеште дагы Кыргызстандын өкмөтүн таркатууну сунуштады

31.01.2020
Жаңылыктар

Манас аэропорту тышкы башкарууга берилет

30.01.2020
Жаңылыктар

Комерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн жолугушуусун белгисиз адамдар токтотууга аракет кылышкан

30.01.2020
Жаңылыктар

Премьер-министр эртең ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү кесиптештер менен жолугушат

30.01.2020
Дагы жүктөө
  • Setup menu at Appearance » Menus and assign menu to Footer Navigation
No Result
View All Result

wpDiscuz
0
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x
| Reply