Орто Азияда жайгашкан өлкөлөрдүн Ооганстан менен чектешкен чек ара тилкелери өтө кооптуу абалда турат. Түркмен жана Тажикстан чек араларына жакын жерде 10 миңден ашуун терорристердин тобу пайда болду. Ал тараптан Кыргызстан менен Казакстан жана Өзбекстанга кол сунса жеткидей эле алыстыкта. Аскердик эксперттердин айтымында, ИМ тобунун мүчөлөрүнүн максаты, Фергана өрөөнүнүдө диний, улуттук чыр чыгарып, бүткүл регионду дестабилдештирүү.
Жогоруда айтылган терорристик топтордун эмиссарлары көптөн бери Орто Азиядагы согуш планын ишке ашырууга аракет кылып келишет. Билим төмөн, алсыз жаштардын мээсин айлантып, динге чакыруу шылтоосу менен өздөрүнө тарткан терорристк топтор максатына жетип, орто азия өлкөлөрүнүн жаштары Сирия менен Ирактагы согушка катышып келишти. Алар согуштук тажрыйба топтоп үйлөрүнө кайтып келишти. Эми бул легион, Жакынкы Чыгыштагы ИМ тобунун жеңилүү ызаасынан кийин, көңүлдөрүн Орто Азияга буруп, чек арада бычактарын курчутушууда.
Баарынан дагы коркунучтуусу, эгерде терорристик топтор согуш ачып кирип келсе, өлкөнүн ичинде уктап жаткан терорристик ячейкалар ойгонуп, аларга жардам берип, өлкөнү ичтен согушка матыра баштайт. Мындай жоромолду Кыргызстандын атайын кызматы дагы далилдеди. Атайын операциянын жыйынтыгында, Кыргызстанда чоң терорристик уюмдардан курал жарак жана каражаттык колдоо алган ячейкалар табылган.
Кыргызстандын ИИМдин 10-кызматынын маалыматы боюнча, КМШ жана ОДБК өлкөлөрүнүн аймагында конституциялык түзүмдү терорристик жол менен бузууга аракет кылган 50 дөн ашык топтор бар. Айрыкча Кыргызстандын Тажикстан, Өзбекстан менен чектешкен түштүк аймагында бул топтор өтө активдүү. Ферганалык казан катары бааланган бул регионду терорристер мурдатан эле бутага алып, Халифат түзүүнү пландап келишет.
Күч кызматкерлери мунун себеби, жаштардын билими жоктугу жана Жакынкы Чыгыштагы өлкөлөрдүн окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнүн терорристик уюмдарга кошулушу менен пайда болду дешет.
Бул кырдаал Кыргызстанды Ооганстан тарапка жакын чек ара аймактарын бекемдөөгө түртүүдө. Жазында Сочидеги жолугушууда президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн түштүгүндө ЖККУнун аскерий базасын түзүү боюнча маселе көтөрдү. .
«Өзүңүздөр билгендей эле, Кант шаарында Оруссиянын авиациялык базасы бар. Биздин аскердик күчтөр менен бирге өлкөнүн асмандагы коопсуздугун камсыздап турат. Биздин өлкөнүн түштүк аймагында дагы бир аскердик базаны түзүү сунушу бул ооган тараптан терорристик, экстремистик жана наркотрафиктик коркунучтарды жөнгө салып, алдын алуу болуп саналат. Ошону менен катар эле, биздин аскердик күчтөр менен ЖККУ өлкөлөрүнүн аскердик күчтөрүнүн байланышын жакшыртат эле”, – деген президент Жээнбеков.
Эксперттердин айтуусу боюнча, Кыргызстандын башчысынын бул сунушу азыр деле актуалдуу жана геосаясий терорристик коркунучтардын фонунда бул маселел тезинен оңунан чечилип калышы мүмкүн. Атүгүл керек болсо, ЖККУнун аскердик базасы ылдам түзүлүп, заманбап курал жарактар менен камсыздалып, согуштук даярдыкка тез эле келтирилиши мүмкүн. Буга кошумча Кыргызстандын армиясы Орусиядан 2 млрдга бааланган аскердик обмундирования, байланыш каражаттары, заманбап атуучу курал, жардыруучу жана жардырууга каршы брондолгон унааларды жана аскердик-техникалык жардам алды.
Кыргызстандын алсыз делген, терорристердин кирип келүү багытындагы чек ара тилкелеринде өлкөнүн ички каражаттары менен бекемделүүдө. ИИМ тарабынан Баткен облусунда атайын аскердик база түзүлдү. Бир канча гектарды түзгөн казарма курулуп, спорттук машыгуу талаасы, атайын согушка ыкчам даярдык көрүүгө багытталган машыгуу полигону, госпитал жана башка курулуштар даярдалды. Чек ара өтмөктөрү бекемделди. Бул жерге атайын кызматтаны отрядтарын жайгаштырса да болот.
Баткенлеги аскердик база, Ооганстан тараптан же болбосо Тажикстан тараптагы терорристик чабуул болсо, ага каршы коюга өбөлгө боло алат.