Кара-Балтадагы Кыргыз-Кытай “Жунда” мунай иштетүүчү заводу ишин токтотту. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында экономика министри Олег Панкратов билдирди.
Министрдин билдиришинче, заводдун токтотулушу салык төлөөдөгү маселеге байланыштуу болгон.
“Учурда аталган заводдогу соттук иш заводдун ишин оорлотууда. Азыр ишканага карата ар кандай сын-пикирлер айтылууда. Бүгүнкү күндө заводдон келип түшүүчү салыктын чыгымы 200 миллон сомго жакын”, – деди Панкратов.
Учурда өкмөттө өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү талкууланууда.