No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
Пятница, 24.07.2026
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
No Result
View All Result
Home Без рубрики

Кумтөр: Кытайды оозанган кызыкчылык

Кумтөр кенин иштеткен канадалык «Центерра Голд» компаниясы кендеги үлүштөрдү сатып алууга кытайлык компаниялар кызыгып келгенин расмий ырастады.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөгө өкмөттүн чакыруусу менен келген “Центерра Голд» компаниясынын президенти жана аткаруучу директору Скотт Перри менен 22-ноябрда жолугушту.

Өкмөт кабарлагандай, жолугушууда Кумтөрдүн айланасындагы акыркы жагдай талкууланды. Анда «Центерра Голддун» аткаруучу директору Скотт Перри коомчулукта айтылып жана айрым маалымат каражаттары жазып жүргөндөй эле «Центерра Голддун» акцияларын сатып алууга кытайлык компаниялар кызыгып жатканын ырастаган.

Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн башчысынын басма сөз катчысы Адилет Султаналиев «Азаттыкка» айтып берди:

Өкмөт үйү.
Өкмөт үйү.

​- Скотт Перри премьер-министрге маалымдагандай, акыркы бир нече жыл ичинде эл аралык, анын ичинде кытай компаниялары «Центерра Голдго» инвестиция салууга же аны сатып алууга кызыкчылыгы бар экенин билдиришкен. Бирок азыркы тапта компания кандайдыр бир расмий сунуштарды алган эмес. Кайсы бир сунуш финансылык жактан пайдалуу катары каралган шартта «Центерра Голд» милдеттүү түрдө ири акционер болгон кыргыз өкмөтүнө келишимге кызыкчылыкты баалоо тууралуу кайрыларын билдирди.

Буга чейин айрым сайттар Кумтөргө Кытайдын «Shadong Gold» (Шандунь Голд) компаниясы кызыгып жатканын жазып чыгышкан. Бирок бул маалымат расмий түрдө ырасталып же төгүндөлө элек болчу.

Эми «Центерранын» жетекчилиги “бул боюнча өкмөт менен кеңешип чечим кабыл алабыз” дегени менен запасы аз калган кендеги жаңы инвестор жөнүндө сөз болгону ар кандай күмөн ойлорду жаратты.

Кумтөр.

Кумтөр келишимин кароо мөөнөтү жылды

Себеби, “Кумтөр” долбооруна байланыштуу «Центерра Голд» менен жаңы стратегиялык келишимдин башы ачылбай турат, эки тараптын позициялары да тактала элек. Кыргыз өкмөтү жаңы келишимди жакын арада парламентке алып чыгарын айтканы менен анысы бир нече айдан бери кечеңдеп жатат.

«Центерра Голддун» аткаруучу директору менен жолугушууда стратегиялык келишимдин кошумча шарттары талкууланганы, анда экологиялык төлөмдөрдүн көбөйүшү жана аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондун түзүү каралганы гана айтылды. Ал келишим качан, кандай шарттар менен аткарылары, компаниядагы эки тараптын үлүшү кандай бөлүштүрүлөрү белгисиз бойдон калууда.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев өкмөт мындай жолугушууларды өткөргөн соң, анын жыйынтыгы, келишимге эмне өзгөрүүлөр кирип жатканы тууралуу ачык маалымат бериши керек экенин айтты:

Мирлан Жээнчороев.
Мирлан Жээнчороев.

​- Стратегиялык келишимде эмне өзгөрсө да, ал “Кыргызстандын кызыкчылыгына кандай таасирин тийгизет, дегеле туура келеби?” деген суроолор боюнча парламенттин, элдин алдында жооп бериш керек. Эгер кызыкчылыкка жооп берсе, сүйлөшүү өткөрсө болот. Андай болбосо - башка жолдорун карап, кеңири маалымат бериш керек.

Ал эми Кумтөр маселеси менен алектенип келген мурдагы парламент депутаты Эркингүл Иманкожоева «Центерра Голд» Кумтөрдүн үлүшүн сатып алууга кызыккан компаниялар тууралуу маалымат таратышынан чочулап турат. Ал канадалык компания менен сүйлөшүүлөрдө өкмөт буга чейинки кемчиликтерди эске алып, иш алып барышы керек деп эсептейт.

Эркингүл Иманкожоева.
Эркингүл Иманкожоева.

​- Буга чейин Кумтөр боюнча «Shadong Gold» деген кытай компаниясы менен сүйлөшүү жүрүп жатканы айтылган, - деди Эркингүл Иманкожоева. - Азыр эми четин чыгарымыш болуп жатышат. Мындай аракетти “мурунку премьер, мурунку президенттерге укурук салгандай кылып байкап көрөлү” деген «Центерранын» кадам катары баалайм. Ошондуктан бул жагынан жети өлчөп, бир кесип чечим кабыл алыш керек. Тактап айтканда, Кумтөрдүн үлүштөрүн башка компанияларга сатууга макул болбош керек. Анткени «Центерра Голд» төлөй турган бардык акчадан кур калабыз. Экологиялык милдеттенмелер аткарылбай калат.

«Центерра Голд» Кыргызстандагы эң ири Кумтөр алтын кенин иштетет. Андагы Кыргызстандын үлүшү азыр 26,6 пайызды түзөт.

Жерүй.

Атагынан чатагы көп алтын кендери

 

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун өкмөтү «Центерра Голд» менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, былтыр жаңы экологиялык келишимге кол коюлган. Келишимдин шартына ылайык, канадалык компания Кыргызстанга кошумча экологиялык төлөмдөрдү берип, буга жооп иретинде кыргыз өкмөтү бардык соттордогу доо арыздарын чакыртып алышы керек болчу. Бирок жаңы келген өкмөт ал келишимди бекитпей, жаңы сүйлөшүүлөрдү баштаган.

Буга чейин кыргыз өкмөтү Кумтөрдөгү алтын запасы 2026-жылы түгөнүп, ишкана жабыларын жарыялаган.

Азаттык

 

Tags: алтынКумторКыргызстанКытайцентера

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Лента новостей

Аналитика

Кыргызстан и Узбекистан создают новые экономические маршруты Центральной Азии

24.07.2026
Кыргызстан

Из Кыргызстана с начала года выдворили более 450 иностранцев

24.07.2026
Безопасность

Главком ВСУ Драпатый резко высказался о жителях Донбасса

24.07.2026
Безопасность

В Кыргызстане зафиксировали рекордное число селей с начала года

24.07.2026
Безопасность

Жапаров призвал укрепить ШОС перед лицом новых угроз

24.07.2026
Безопасность

На Иссык-Куле раскрыли обстоятельства гибели сотрудника СГО

24.07.2026
Кыргызстан

Кулубаев заявил о ключевой роли ШОС в обеспечении мира и стабильности

24.07.2026
Безопасность

Иран предупредил США о последствиях конфискации замороженных активов

24.07.2026
Новости

В США вновь возникли проблемы с принятием новых санкций против России

24.07.2026
Кыргызстан

В Чолпон-Ате стартовала встреча глав МИД стран ШОС

24.07.2026
Кыргызстан

Товарооборот Кыргызстана со странами ЕАЭС вырос до $2,4 млрд

24.07.2026
Load More
  • Главная
  • Новости
  • Аналитика
  • В мире
No Result
View All Result
  • Кыргызстан
    • Общество
    • Политика
    • Безопасность
    • Экономика
    • Коррупция
    • Культура
    • Политика
    • Украина
  • В мире