No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
Четверг, 30.04.2026
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
No Result
View All Result
Home Uncategorized

Ошто кара майга баа көтөрүлдү

21.11.2018

Ошто кара май 45 сомго чыкса, бензин 46-48 сомго чейин көтөрүлдү. Учурда бул баалар күн санап жогорулоонун үстүндө. 1 литр бензиндин баасы 46 сомду чапчып, мындан жарым жыл мурункуга салыштырмалуу орточо 3 сомго кымбаттады. Айрым серепчилер күйүүчү майга болгон баанын кымбатташы,  элдин капчыгына эле кыйынчылык  алып келет дешет .

Мындай көйгөй эн биринчи айдоочуларды санаага батырат. Ош Ноокат унаа каттамында жургүнчлөрдү ташып келген айдоочу  Мирлан Алымжановдун күйүүчү майдын кымбаттаганынан тапкан пайдасы азайды. Ансыз да үй-бүлөсүн күнүмдүк кирешеси менен багып келе жаткан айдоочулар үчүн бул чоң көйгөй.

-Бензиндин  кымбаттаган үчүн  жол акыны көтөрсөк, жүргүнчүлөр менен келишпестик жаралат. Анан калса күйүүчү май көп учурда АИ 80 менен 92 бирдей болуп калат. Ал эми сатып алынган учурда толук куюлбаганы өзүнчө бир маселе. Ушул жагын да жогорку жактагылар карап койсо. 

Бензиндин баасын көзөмөлгө алган бийлик органы жок. Мындан пайдаланган  ишкерлер каалаган бааны коюп алышат. Аларды Монополияга каршы күрөшүү агенттиги да жөнгө сала албай жатканын айтышууда. Алар менчик ишканаларды түздөн-түз көзөмөлгө алуусуна укук берилген эмес дешет. Андыктан мыйзамга толуктоолорду киргизип бир калыпка салуу керектигин,   Монополияга каршы күрөшүү агенттигинин Ош облусунун бөлүм башчысы Жанболот Айбашов айтат.

 —Биз күйүүчү май сатуучуларга  түздөн-түз кирише албайбыз. Бул жаатта көйгөйлөр көп. Маселен биз товардын сапатын баасын аныктай албайбыз. Мурдагы заман жок. Азыр бардыгы өзүм билемдикке өткөн. Президент ишкерлерди коргоп жатканы жакшы. Бирок тартип эреже да болуш керек. Буга кошумчалай кетсем, ушул тапта көмүрдүн баасын түшүрө албай жатабыз. Соодагерлер каалагандай бааны коюп сатып жатышат.

Ал эми экономика маселелери боюнча серепчилердин баамында, күйүүчү майга болгон баанын өсүүсү менен өлкөнүн ар бир тармагында кымбаттоо башталат. Кайсы жаатта кандай чыгым болбосун, айланып келип күйүүчү майдын баасына көз каранды дейт экономист Эрлан Камалов.

-Бензинге болгон баанын жогорулашы менен жашоо дагы кымбаттай түшкөнсүйт. Кайсы тармакта кандай чыгым болбосун, баары келип күйүүчү майдын баасына такалат. Алсак көбүнчө айыл-чарба иштери кызыганда, күйүүчү майдын баасы кымбаттап кетет. Бул жыл сайын жаз, күз, кыш мезгилинде бааны көтөрүү ишкерлердин көнүмүш адаты болуп калды.

Учурда өлкөгө күйүүчү-майлоочу каражаттар Орусиядан гана алынып келинүүдө. Эгерде коңшу Казакстан менен бул тармакта кызматташып, экспорт маселесин чечсе анда бул жааттагы көйгөйлөр жеңилдемек. Азырынча эки тарапту сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жаткандыгы боюнча маалыматтар бар.

Tags: БааларбензинКара майОш

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Лента новостей

Аналитика

Кыргызстан усиливает роль ШОС на фоне глобальной нестабильности

29.04.2026
Кыргызстан

Управление делами президента получило контроль над Кыргызтелекомом

29.04.2026
Коррупция

Руководство Бишкекского электросетевого предприятия задержали по делу о хищении средств

29.04.2026
Безопасность

Белоусов заявил о росте роли ШОС в условиях мировой нестабильности

29.04.2026
Кыргызстан

Кыргызстан нарастил экспорт агропродукции в страны ЕАЭС

29.04.2026
Новости

Трамп заявил о мечте жить в Букингемском дворце

29.04.2026
Безопасность

Макконнелл обвинил Пентагон в затягивании помощи Киеву

29.04.2026
Кыргызстан

Конфликт вокруг Ирана усиливает давление на экономику ЕАЭС

29.04.2026
Кыргызстан

Face ID снизил коррупционные риски в системе пробации Кыргызстана

29.04.2026
Кыргызстан

Министры обороны ШОС согласовали совместные меры по безопасности

29.04.2026
Кыргызстан

Гражданин Китая погиб в ДТП на трассе Бишкек - Ош

29.04.2026
Load More
  • Главная
  • Новости
  • Аналитика
  • В мире
No Result
View All Result
  • Кыргызстан
    • Общество
    • Политика
    • Безопасность
    • Экономика
    • Коррупция
    • Культура
    • Политика
    • Украина
  • В мире