No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
Шаршемби, 16.07.2025
  • Setup menu at Appearance » Menus and assign menu to Main Navigation
  • Setup menu at Appearance » Menus and assign menu to Main Navigation
No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
No Result
View All Result
Башкы бет Новости

Тойдо токмок жеген аялдын окуясы коомдун көйгөйүн козгоду

01.11.2018
Ой-пикирин

Тойдон аялын жамбашка тепкен киши боюнча ички иштер органдары иликтөө иштерин баштады, -деп ВВС билдирет. Окуя өткөн апта соңунда Кыргызстандагы тойканалардын биринде катталган. Бирок ал кайсыл аймакта болгону жана зомбулук аялга ким тарабынан көрсөтүлгөнү азырынча айтыла элек.

 

Аталган видео коомчулуктун кызуу талкуусуна кабылды. Анда ортого чыгып бийге түшкөн аялды, көпчүлүктүн алдында күйөөсү жамбашка тээп, сүйрөп кеткени тартылып калган. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Аймактык тескөө бөлүмүнүн башчысы Майрамбек Исмаилбековдун айтымында, учурда окуя кайсыл аймакта катталганын аныктоо, жарандын өздүгүн тактоо иштери жүрүп жатат.

“Эгер сөгүп-сагып, бирок кол көтөрбөгөн болсо, анда Административдик жазык кодексинин 364-беренесинин негизинде айыпка тартылмак. Ал эми видеодо аялына кол көтөрүп жатат. Бул жагдай Кылмыш-жаза кодексинин беренелерине туура келип калат. Аялдын канчалык жарат алганы дагы эске алынат. Видеодо тээп туруп сүйрөп кеткени тартылган. Мүмкүн нары алып барып ур-токмокко алдыбы, ким билет“.

“Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция” уюму быйыл эле Кыргызстандагы үй-бүлөлүк зомбулук боюнча жети жүздөн ашык кишинин катышуусунда сурамжылоо жүргүзгөн. Ага катышкандардын 96,3 пайызы үй-бүлөлөрдө зордук-зомбулук бар экенин айткан. Ал эми Кыргызстанда ар бир тогузунчу киши үй-бүлөдөгү зордук зомбулукту кадимкидей көрүнүш катары кабыл ала турганы аныкталган.

Депутат: өкмөт балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү үчүн эч нерсе кылган жок

16.01.2020

Казакстан Кыргызстандан жалган транзит менен күрөшүүгө даяр

22.12.2019

Кыргызстандык эксперттер КМШ өлкөлөрүндөгү кесиптештери менен биргеликте Шериктештиктин жаңы университетин түзүү маселесин талкуулашат

15.12.2019

Депутат президенттин сөзүнө нааразы болду

08.12.2019

“Үй-бүлө зомбулугуна кабылгандардын көбү аялдар. Бизге кайрылгандардын саны абдан көп. Маселен, жакында эле бир келинди чет мамлекетке жибердик. Аны жолдошу бычактаганга чейин барып, катуу зомбулук көрсөткөн. Айласы кетип, бир жарым айдай биздин борбордо жашады. Кийин күйөөсү бул жакка чейин келип, зөөкүрдүк көрсөтө баштады. Аны чет өлкөгө жибергенге аргасыз болдук“,- деди “Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова.

Коомдун басымдуу катмары аялга күйөөлөрү тарабынан жасалган зомбулук эркек кишинин алсыздыгынан жана деңгээлинин төмөндүгүнөн кабар бере турганын айтат. Ошол эле учурда мындай жосунсуз кадамдарды тарбия иретинде кабылдагандар дагы жок эмес.

“Пайгамбарыбыз аялыңды катуу уруп сөккөндөн карман. Себеби, алар кабыргадан жаралган. Кабырганы катуу ийсеңер сынып калышы мүмкүн. Такыр эле укпай жатса жакшы сөз айтып, түшүндүр деп айткан. Аялдар назик, эркектерге салыштырмалуу күчсүз болот. Аларга жаман сөз айтып, зулумдук кылууга шариятта тыюу салынган“,- деди Муфтияттын үгүт- насаат, жаштар жана аялдар менен иштөө бөлүмүнүн адиси Султанали Гапуров.

Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдардын саны канча?

Үй-бүлөдө физикалык эле эмес, психологиялык жактан дагы зомбулукка кабылган аялдардын саны арбын. Кайсыл гана түрү болбосун мындай кадамдарга барган кишилер мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат. Кыргызстанда аялдар күйөөлөрүнүн колунан ур-токмокко кабылганын ачыктай беришпейт. Анын кесепетинен көпчүлүк учурда жабылуу аяк, жабылуу бойдон калат.

Шаардык ИИББнын маалыматына ылайык, былтыр үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган 359 аялдан арыз келип түшкөн. Ал эми быйылкы жылдын тогуз айында эле зомбулукка байланыштуу арыздарын саны 1047ге жеткен. Мындай көрсөткүч аялдар өз укугун өзү коргогонго үйрөнө баштаганынан кабар берет дейт укук коргоочулар.

Белгилей кетчү жагдай, күйөөсүнөн зомбулук көргөн аялдын тосмо арызы зөөкүрдүк кылган кишини жоопкерчиликтен куткарат дегенге жатпайт. Эгер милиция тарабынан үй-бүлөлүк зомбулук фактысы каттала турган болсо, арыз түшөбү же түшпөйбү сөзсүз укук коргоо органдары тарабынан чара көрүлөт.

Белгилер: аялдарзомбулуккүйөөсүталкууҮй-бүлөө
Мурунку пост

Ошто жаңы эле 16 жашка чыккан кыз көз жарды

Кийинки пост

Түркия акысыз дарыланууга кыргызстандыктар үчүн квотаны көбөйттү

Кийинки пост

Түркия акысыз дарыланууга кыргызстандыктар үчүн квотаны көбөйттү

Subscribe
Notify of
guest
guest
0 Comments
Inline Feedbacks
View all comments

Жаңылыктар лентасы

Жаңылыктар

ПРООН чек арачыларга компьютер жабдууларын тапшырды

31.01.2020
Жаңылыктар

Россиянын премьер-министри: биздин өлкө союздаштарга өзүнүн технологиясын берүүгө даяр

31.01.2020
Жаңылыктар

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкүлдөрү биримдиктин ишмердүүлүгүн жана келечегин талкуулашты

31.01.2020
Жаңылыктар

ЕЭК Коллегиясынын башчысы: ЕАЭБ өлкөлөрү санариптик эгемендүүлүктү коргоо боюнча маселелерди бирге чечүүлөрү керек

31.01.2020
Жаңылыктар

Кыргызстандын ТИМде Ухань шаарынан Кыргызстандыктарды алып чыгуу варианттары каралууда

31.01.2020
Жаңылыктар

ЖККУ жана КМШ терроризмге каршы күрөшүү боюнча кызматташтыкты бекемдөөдө

31.01.2020
Жаңылыктар

Президент Генштабдын башчысы менен Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүн бекемдөө боюнча чараларды талкуулады

31.01.2020
Жаңылыктар

Жогорку Кеңеште дагы Кыргызстандын өкмөтүн таркатууну сунуштады

31.01.2020
Жаңылыктар

Манас аэропорту тышкы башкарууга берилет

30.01.2020
Жаңылыктар

Комерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн жолугушуусун белгисиз адамдар токтотууга аракет кылышкан

30.01.2020
Жаңылыктар

Премьер-министр эртең ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү кесиптештер менен жолугушат

30.01.2020
Дагы жүктөө
  • Setup menu at Appearance » Menus and assign menu to Footer Navigation
No Result
View All Result

wpDiscuz
0
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x
| Reply